Балдар онкологиянын бөлүмү. Архивдик сүрөт

Онкологиянын балдар бөлүмүндө медик, оорулуу бөбөктөрдөн коронавирус табылды

179
(жаңыланган 09:52 21.05.2020)
Коронавирус жуктургандардын ичинен сегизи рак илдети менен дарыланып жаткан бөбөк, үчөө аларды караган ата-энелери, бирөө дарыгер, экөө медайым.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Улуттук онкология жана гематология борборунун балдар бөлүмүндө оорулуу бөбөктөрдөн, аларды карап жаткан ата-энелеринен жана медиктерден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине оорукана жетекчиси Эрнис Тилеков маалымдады.

Анын айтымында, 20-май күнү кечинде ПЦР-тесттин жыйынтыгы онкология бөлүмүндөгү 14 кишиде коронавирус бар экенин көрсөткөн.

"Анын ичинен сегизи рак илдетинен дарыланып жаткан бөбөк, үчөө аларды караган ата-энелери, бирөө дарыгер, экөө медайым. Бүгүнкү күндө коронавирус менен кошо дарылай турган бөлүм түздүк. Ал жердеги дарыгерлердин баары казармалык режимде иштешет. Бөлүм карантинге жабылды. Анализдери терс чыккан оорулуулар үчүн өзүнчө обсервация даярдадык", — деди Тилеков.

Оорукана жетекчиси коронавирус онкологиянын балдар бөлүмүнө кандайча жукканы боюнча эпидемиологиялык иликтөө бир сыйра жүргөнүн да айтты.

"Бир оорулуу баланы чоң энеси карап жаткан экен. Ал 4-майда ооруканадан чыгып кеткен. Ошондон жукту деген божомол бар", — деди Тилеков.

Буга чейин Онкология борборунан бир медицина кызматкеринен коронавирус табылганы айтылган.

179
Белгилер:
бөбөктөр, онкология, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (905)
Тема боюнча
Акыркы суткада Кыргызстанда коронавирус жуктурган тогуз киши айыкты
Ата-энесинен жугууда. Ооруган 147 баланын арасында ондон ашуун ымыркай бар
Бейтаптын колундагы пульсометр. Архивдик сүрөт

Кызынан жуккан. Министрлик COVID-19дан көз жумган аялдар боюнча маалымат берди

151
(жаңыланган 10:42 05.06.2020)
Каза болгондордун биринде кант диабети, жүрөк оорусу сыяктуу өнөкөт илдеттери болсо, экинчиси ак кан дартына чалдыккан.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда акыркы суткада коронавирус жуктуруп каза болгон эки аял вируска кандай чалдыкканы жана алардын кандай илдеттери болгонун айтып берди.

Өткөн суткада коронавирус жуктуруп алгандардын арасында Бишкек шаарында бир жана Ош облусунда бир аялдын каза болгону айтылды

“Бишкек шаарынын 82 жаштагы тургуну вирусту кызынан жуктуруп алганы 30-май күнү аныкталган. Кызы "Автомаш-Радиатор” заводунда иштеп, илдетке чалдыккан экен. Маркумдун кант диабети, жүрөк оорусу жана кан басымы жогору болгондуктан вирусту көтөрө албай калды”, — деди Үсөнбаев.

Ал эми экинчи бейтап ооруган адамдар менен байланышта болгон. Өзүнүн мурдагы ак кан илдетин вирус күчөтүп жиберген.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус аныкталып каза болгондордун саны 22 кишиге жетти.

151
Белгилер:
оорукана, аял, өлүм, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Кыргызстанда коронавирустан эки аял каза болду
Четтен келгендер бар. Бүгүн 37 кишиден коронавирус чыкты
Көбү Нарындан. Кыргызстанда коронавирустан 48 бейтап айыкты
Өлкөнүн үч аймагындагы алты медиктен коронавирус табылды
Медкызматкер коронавируска чалдыккан бейтапты кароодо. Архивдик сүрөт

Кыргызстанда коронавирустан эки аял каза болду

204
(жаңыланган 10:23 05.06.2020)
Каза болгондордун бири Бишкек шаарынын тургуну болсо, экинчиси Ош облусунан. Экөө тең ооругандар менен байланышта болуп вирус жугузуп алган.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус жуктуруп алган эки киши каза болду. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Биринчиси Бишкек шаарынын 82 жаштагы тургуну. Анын кан басымы жогору жана кант диабети болгон.

Экинчи учуру Ош шаарында, 34 жаштагы келин реанимацияда жатып көз жумду.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус аныкталып каза болгондордун саны Кыргызстан боюнча 22 кишиге жетти.

204
Белгилер:
өлүм, коронавирус, Кыргызстан, Бишкек
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (905)
Тема боюнча
Көбү Нарындан. Кыргызстанда коронавирустан 48 бейтап айыкты
Четтен келгендер бар. Бүгүн 37 кишиден коронавирус чыкты
Антисептик жана медициналык бет каптар. Архив

Өкмөт бет кап, антисептик чыгарууну эртелетүүгө жардамдашмай болду

8
(жаңыланган 12:32 05.06.2020)
Өкмөт мамлекеттик органдарга компаниялардын вирустан коргой турчу каражаттарды чыгаруусуна жардамдашканга тапшырма берген.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Ата мекендик компанияларга бет кап жана антисептиктерди чыгарууну эртерээк баштоого көмөктөшүү зарыл. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылганын өкмөт кабарлады.

Ага ылайык, тиешелүү тапшырма мамлекеттик органдар менен жергиликтүү бийлик органдарына берилген.

Ошондой эле үй карантинин сактоо, коомдук жайларда дезинфекция иштерин жүргүзүү маселелери талкууланган.

"COVID-19 илдети аныкталган бир бейтап инфекцияны шаардын үч ири базарынын биринен жуктурушу божомолдонуп жатканы маалым. Буга байланыштуу муниципалитетке бардык санитардык-эпидемиологиялык чараларды күчөтүү сунушталды. Базарларда вирусту жуктуруунун жогорку тобокелдиги байкалууда, көпчүлүк жарандар бет кап тагынбай, аралыкты сактабай жатышат", — деп айтылат маалыматта.

Бишкек мэриясы калаанын бардык базарларында бирдиктүү стандарт киргизилгенин билдирген. Ага ылайык, мекеменин жетекчилиги санитардык талаптардын сакталышы үчүн жоопкерчилик алат.

8
Белгилер:
жардам, компания, антисептик, бет кап, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Бала бакча кызматкерлери COVID вирусуна анализ тапшырат