Ысык-Көл облусунда прокурордун жардамчысы ири өлчөмдө пара алып жатып кармалды

Ысык-Көлдө прокурордун жардамчысы 150 миң сом пара алып жатып кармалды

161
(жаңыланган 11:40 23.05.2020)
Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүмү ("Пара талап кылуу") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Ысык-Көл облусунда прокурордун жардамчысы ири өлчөмдө пара алып жатып кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

  • При получении взятки в 150 тысяч сомов задержан старший помощник прокурора Джети-Огузского района К.А
    Ысык-Көл облусунда прокурордун жардамчысы ири өлчөмдө пара алып жатып кармалды
    © Фото / пресс-служба ГКНБ
  • При получении взятки в 150 тысяч сомов задержан старший помощник прокурора Джети-Огузского района К.А
    Маалыматка ылайык, 22-май күнү УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Башкы прокуратуранын Өздүк коопсуздук жана кызматтык териштирүү бөлүмү менен биргеликте ыкчам издөө иштерин жүргүзүп, Жети-Өгүз районунун прокурорунун жардамчысы 38 жаштагы К.А. аттуу кызматкерди 150 миң сом пара алып жатканда колго түшүргөн.
    © Фото / пресс-служба ГКНБ
1 / 2
© Фото / пресс-служба ГКНБ
Ысык-Көл облусунда прокурордун жардамчысы ири өлчөмдө пара алып жатып кармалды

Маалыматка ылайык, 22-май күнү УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Башкы прокуратуранын Өздүк коопсуздук жана кызматтык териштирүү бөлүмү менен биргеликте ыкчам издөө иштерин жүргүзүп, Жети-Өгүз районунун прокурорунун жардамчысы 38 жаштагы К.А. аттуу кызматкерди 150 миң сом пара алып жатканда колго түшүргөн.

"Прокурордун ага жардамчысы арыздануучунун уулуна карата козголгон кылмыш иши боюнча жеңилдетилген чечим чыгаруу үчүн андан 2000 АКШ долларын талап кылган", — деп УКМКдан билдиришти.

Аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүштүк материалдар чогултулуп, Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүмүнүн ("Пара талап кылуу") негизинде Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Шектүү УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери улантылып жатат.

161
Белгилер:
шектүү, пара, УКМК, Прокуратура, Кыргызстан
Тема боюнча
Финпол: пара менен кармалган судья кол тийбестиктен ажыратылышы мүмкүн
Депутат: пара алып кармалган тергөөчү Арпачиев мунапыс менен бошоп кетти
Долларларды сумкасынан алып чыгышты. Пара алды делген судья аялды кармоо учуру

Нью-Йоркто акцияга чыккандар камалууда. Видео

80
АКШда башаламандык афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмүнөн кийин башталып, бир катар мамлекеттерге жайылды.

Нью-Йорк полициясы АКШдагы полициянын зомбулугуна нааразы болуп, акцияга чыккандардын арасынан 60 кишини камакка алды. Полиция департаментинин жетекчисинин айтымында, кармалгандар коменданттык сааттын эрежесин бузушкан.

Ал тартип сакчылары мыйзамдын бузулушуна жол бербей турганын айтып, шаар тургундарынын коопсуздугу үчүн бардык кадамдарга барарын белгиледи.

80
Белгилер:
башаламандык, Жорж Флойд, Нью-Йорк, АКШ, полиция
Тема:
АКШда афроамерикалыктын өлүмүнөн кийинки башаламандык
Тема боюнча
Мен — Жорж Флойдмун. АКШдагы акциялар дүйнөгө жайылды. Видео
Унчукпай кутулушту. Ак үйдү митингчилерден кайтарган аскерлердин видеосу
Кайрадан орустар. АКШдагы козголоңго Москваны айыптоо кимге зарыл?
Ruptly видеоагенттигинин стрингери Набил Хассан аль-Каитинин архивдик сүрөтү

Йеменде Ruptly журналистин үйүнүн жанынан атып кетишти

57
(жаңыланган 22:53 04.06.2020)
Каза болгон жарандын артында үч баласы жана кош бойлуу аялы калды. Аны үйүнүн жанынан өлтүрүп кеткен.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Йеменде белгисиз адамдар Ruptly видеоагенттигинин стрингери Набил Хассан аль-Каитини атып кетишкендигин RT агенттигинин Telegram-каналында кабарлады

"Ал Ruptly үчүн сюжет тартып жүргөн жана муну менен катар башка агенттиктер да иштечү. Набилдин артында үч баласы жана кош бойлуу аялы калды", — деп жазат RT.

Журналист Аден шаарындагы өз үйүнүн жанынан киши колдуу болгон.

57
Белгилер:
өлүм, журналист, Йемен
Тема боюнча
Жалал-Абадда шаардык кеңештин депутатынын бир тууган агасын атып кетишти
Сотко беришибиз мүмкүн! Симоньян АКШда жабыркаган журналисттер тууралуу