Ошто Папан суу сактагычынан 22 жаштагы жигиттин сөөгү табылды

© Фото / Айша КамиловаОш облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Папан суу сактагы. Архив
Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Папан суу сактагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сууга чөккөн жигиттин сөөгү бир күндөн кийин, тагыраагы, 23-майда эртең мененки саат 07:30дарда табылган. Куткаруучулар аны туугандарына өткөрүп бергени кабарланды.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Папан суу сактагычынан 22 жаштагы жигиттин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, куткаруучуларга 22-майда суу сактагычка эркек киши чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

Жерине ӨКМдин куткаруучулары барып издөө иштерин жүргүзгөн. Сууга чөккөн жигиттин сөөгү бир күндөн кийин, тагыраагы, 23-майда эртең мененки саат 07:30дарда табылган. Куткаруучулар аны туугандарына өткөрүп бергени кабарланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0