Кыргыз-өзбек чек арасында күчү 3,5 баллга жетип, жер титиреди

© AP Photo / ELAINE THOMPSONСлучаи землетрясение в Кыргызстане
Случаи землетрясение в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жер титирөөдөн жабыркагандар жана турак жайлардын кыйроосу катталбагандыгын айтышты.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. 24-май күнү кечке жуук Сузак районунда күчү 3 балл, Жалал-Абад шаарында 2,5 баллга жетип, жер термелди. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Андан сырткары, Сузак районунун Жар-Кыштак, Сузак айылдарында да 3 балл сезилген.

"24-майда саат 18:46дагы жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен аймагы болду жана очогунда күчү 3,5 баллга жетти", - деп билдиришти ӨКМден.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0