Бишкекте кагышкан 6 автоунаа. Кырсыктан канча адам жабыркаганы айтылды

Жазылуу
Кырсыктаган бардык транспорт каражаттары айып короого токтотулуп, кырсыктын себептери такталып жатат.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Борбор калаанын Токомбаев — Байтик баатыр көчөлөрүндө катталган массалык жол кырсыгынан үч адам жабыркаган. Бул тууралуу Кайгуул милициясынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, окуя 27-майда болжол менен түшкү саат 13:00дө болуп, видеосу буга чейин интернетке жарыяланган. Күбөнүн айтымында, жети автоунаа сүзүшкөн.

Кайгуул милициясынын алдын ала берген маалыматына таянсак, Hyundai, Mitsubishi, Hyundai Sonata, Subaru Legacy, Honda Fit жана Stepwgn үлгүлөрүндөгү алты автоунаа кагышкан. Учурда бардык транспорт каражаттары айып короого токтотулуп, кырсыктын себептери такталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0