Достору менен эс алып жүргөн. Ысык-Көлдө 36 жаштагы киши сууга чөгүп кетти

Жазылуу
Куткаруучулар сууга чөккөн кишинин сөөгүн 27-майда таап, дароо туугандарына өткөрүп беришкен.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Пристань-Пржевальск айылында 36 жаштагы киши сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, 27-майда куткаруучулар эркек кишинин сөөгүн суудан таап, туугандарына өткөрүп беришкен.

Укук коргоо органдарындагы өздүк булактар билдиргендей, сууга чөгүп кеткен Каракол шаарынын тургуну достору менен көл жээкке эс алууга барган. Болжол менен 17:00дөр чамасында көлгө түшүп жатып суудан чыкпай калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0