Алай: постто турган кайгуулчуну сүзүп из сууткан чек арачы кармалды

Жазылуу
Чек арачынын автоунаасы 27-майга караган түнү саат 3:00дөр чамасында Гүлчө айылынын борбордук базарынын алдынан табылган. Өзү эртеси кармалып, убактылуу кармоочу жайга 48 саатка камалган.

ОШ, 29-май — Sputnik. Ош облусунун Алай районундагы Таш-Короо айылында жайгашкан санитардык-карантиндик постто турган ЖКККББ өкүлүн чек ара кызматкери сүзүп, из суутуп кеткен. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

Анын айтымында, окуя 26-майда түнкү саат 22:00дөр чамасында Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там жолунда болгон.

"Чек ара кызматынын жоокери BMW үлгүсүндөгү унаасы менен санитардык-карантиндик постко келген учурда ЖКККББ өкүлү токтотуп, текшерген. Ошол учурда ортолорунда пикир келишпестик жаралып, чек ара кызматкери жол тескөөчүнү сөгүп, унаасы менен сүзүп, буттарын тебелетип окуя болгон жерден качып кеткен",— деди Аширбаев.

Чек арачынын автоунаасы 27-майга караган түнү саат 3:00дөр чамасында Гүлчө айылынын борбордук базарынын алдынан табылган. 28-май күнү өзү кармалып, убактылуу кармоочу жайга 48 саатка камалды.

Казакстандын жол кызматынын полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алматы: блокпостту сүзгөн айдоочу полициянын мурдагы кызматкери болуп чыкты
Ал эми буту жабыркаган кайгуулчу Алай райондук ооруканасында дарыланууда.

Окуя Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестерине Жазык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүгү ("Укук коргоо органдарына карата бейбаштык") менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Маалым болгондой, 28-май күнү шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, үй камагына чыгарылган. Автоунаасы айып короого киргизилген. Дайындалган медициналык экспертизанын жыйынтыгында чек ара кызматкери окуя учурунда мас абалында экендиги аныкталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0