Москва: элчилик сабалган кыргызстандык боюнча ИИББге кайрылды

Жазылуу
Окуя 25-майда Москвадагы метронун "Площадь Революции" станциясында болгон. Кыргызстандык окуяны тизмектеп, милицияга арыз жазды.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги ИИМдин Жеке коопсуздук боюнча башкы башкармалыгына полиция кызматкерлеринин КР жаранын сабаганы боюнча кат жөнөттү. Бул туурасында дипломатиялык өкүлчүлүктүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Алдын ала таратылган кабарда окуянын 25-майда Москва шаарындагы метронун "Площадь Революции" станциясында болгону айтылды.

"Элчиликтин кызматкерлери ИИБдин Борбордук административдик округунун "Китай-город" деп аталган полициянын бөлүмүнө барышты. Ал жерден Кыргызстандын жараны окуянын кандайча болгонун тизмектеп жазып берди. Кайрылууну нөөмөт бөлүмүнө катташты", — деп айтылат маалыматта.

Элчиликтин кызматкерлери баргандан кийин ИИМдин Жеке коопсуздук боюнча башкы башкармалыгынан тыкыр иликтөө болорун айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0