Көз ирмемде болуп кетти. Бишкектин четинде үч автоунаа кагышкан учурдун видеосу

© Sputnik / Табылды КадырбековЖол кырсыгынан жабыркаган унаа. Архив
Жол кырсыгынан жабыркаган унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үч автоунаанын кагышкан кадры видеокаттагычка жазылып калган. Ишемби күнү түшкө маал болгон кырсыктан жабыркагандар такталууда.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Бишкекке жакын Новопавловка айылында үч автоунаа кагышкан.

Ал учур "Короче" деп аталган Telegram-каналга жүткөлдү. Кадрлар видеокаттагычка тартылып калган.

Кадрдан видеокаттагычы бар биринчи автокөлүк келе жатканда каршы тилкедеги автоунаа чыга калып, аны капталынан сүзгөнүн көрүүгө болот. Буйтаганга үлгүрбөй калган биринчи автоунаа сол четте токтоп турган үчүнчүсү менен кагышкан.

Свалкадагы сынган унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ала-Бел ашуусунда кырсыктап, тамтыгы чыгып калган автоунаанын видеосу
Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, алдын ала алынган маалыматтар боюнча, биринчи экөө Toyota Mark II жана Honda Odissey экени аныкталды, үчүнчү автоунаанын үлгүсү азырынча белгисиз болууда. Кырсык кечээ түшкө маал болгон.

Жабыркагандардын саны такталып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0