ӨКМ: Алтын-Ордодогу өрт өчүрүлдү, тилсиз жоодон бир бала жабыркады

© Sputnik / Бегайым КасымбековаАлтын-Ордо жаңы конушунда чыккан өрт
Алтын-Ордо жаңы конушунда чыккан өрт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык тууралуу кабар Өрт өчүрүү кызматына саат 12ден кийин түшкөн. Жеринде өрт өчүрүүчү эки бөлүм иштеди.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Алтын-Ордо жаңы конушунда чыккан өрт толугу менен өчүрүлүп, кесепетинен бир адам жабыр тартканын ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

“Өрттүн кесепетинен эркек бала (аты-жөнү такталууда) күйүп, жаракат алган. Өрт өчүрүүчүлөр жабыркаган жаранды Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен”, — деп айтылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, тилсиз жоо саат 14:02де толук өчүрүлгөнү кошумчаланды.

Эске салсак, кырсык тууралуу кабар Өрт өчүрүү кызматына саат 12ден кийин түшкөн. Конуш шаардын түштүк-чыгыш тарабында орун алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0