Министрлик: Баткендеги чек ара чатагынан 15 киши жаракат алды

© Sputnik / Николай ХижнякОорукана. Архив
Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чатак болгон жерде учурда эки Тез жардам бригадасы иштеп жатканы айтылды. Ал эми Айдаркендеги ооруканага Баткен шаарынан реаниматолог жана травматолог жиберилген.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Баткендеги чек арадагы кыргызстандыктар менен өзбекстандыктардын чатагынан Айдаркендеги ооруканага түшкөн кишилердин ичинен эки адамдын абалы оор. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

“Жалпы 15 киши жеткирилип, төртөө ооруканада калып, калганы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн соң амбулатордук дарыланууга жиберилген. Ал эми төрт кишинин ичинен экөөнүн абалы оор, экөөнүн абалы канааттандырарлык”, - деп айтылган маалыматта.

Жабырлангандардын керектүү дары-дармектер менен камсыздалганы кабарланган. Аталган ооруканага Баткен шаарынан реаниматолог жана травматолог жиберилген.

Кыргызстан менен Өзбекстандын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт: Баткендеги чек ара чатагы боюнча сүйлөшүү уланууда, жарадарлар бар
Ал эми чатак болгон жерде учурда эки Тез жардам бригадасы иштеп жатканы айтылды.

Эске салсак, бүгүн, 31-май күнү, саат 12:30дар чамасында Кадамжай районунун Чечме айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыр чыккан. Окуя боюнча интернетте бир нече видео тараган.

Өкмөт кечинде маалымат таратып, эки тараптын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү сүйлөшүп жатканын жана чатактан жаракат алгандардын бар экендигин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0