Экөө реанимацияда. Баткенде чек ара чырынан жабыркаган 25 кишинин төртөө ооруканада

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүОоруканадагы бейтап. Архив
Ооруканадагы бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жеринде Өзбекстандын премьер-министри Абдулло Арипов менен биргеликте чек арадагы эл менен сүйлөшүү үчүн биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жүрөт.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Баткендеги чек арадагы кыргызстандыктар менен өзбекстандыктардын чатагынан улам ооруканага кайрылгандардын саны 25ке жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

“Айдаркендеги ооруканага жалпысынан 25 жабырлануучу кайрылды. Учурда ар кандай жаракат алган төрт адам ооруканада. Реанимациядагы эки кишинин абалы оор деп бааланууда. Хирургия бөлүмүндөгү эки бейтап орточо оор абалда. Калган 21 киши алгачкы медициналык жардам алган соң амбулатордук дарылоого жөнөтүлдү”, — деп айтылат билдирүүдө.

Жабыркагандардын керектүү дары-дармектер менен камсыздалганы кабарланган. Аталган ооруканага Баткен шаарынан реаниматолог жана травматолог жиберилген.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Боронов Баткенге кетти, бүгүн Өзбекстандын өкмөт башчысы менен жолугат
Ал эми чатак болгон жерде учурда эки Тез жардам бригадасы иштеп жатканы айтылды.

Эске салсак, 31-май күнү саат 12:30дар чамасында Кадамжай районунун Чечме айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыр чыккан. Окуя боюнча интернетте бир нече видео тараган.

Өкмөт кечинде маалымат таратып, эки тараптын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү сүйлөшүп жатканын жана чатактан жаракат алгандардын бар экендигин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0