Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды. Жабыркагандар бар

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүЧемпионат Европы по стендовой стрельбе
Чемпионат Европы по стендовой стрельбе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя 2-июнь түнү Баткен облусунун Эки-Таш аймагында болгон. Анда Тажикстан тараптан белгисиз адамдар аңчылык курал менен Кыргызстандын жаранына бир нече жолу ок чыгарган.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасында ок атылып, бир адам жабыркады. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 2-июнь түнү Баткен облусунун Эки-Таш аймагында болгон.

"Түнкү саат 1:20лар чамасында Тажикстан тараптан белгисиз адамдар аңчылык курал менен Кыргызстандын жаранына бир нече жолу ок чыгарган. 38 жаштагы айдоочу Ош — Исфана автожолу менен кетип бараткан. Жыйынтыгында ал жеңил жаракат алып, Самаркандек айылындагы ооруканага жаткырылган", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошол эле түнү эки тараптын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жолукканы кошумчаланды. Учурда окуя болгон жерде милиция кызматкерлери иштеп, автоунааларды, аймакты текшерип жатат.

Саат 10:00гө карата кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал туруктуу деп бааланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0