Нарын шаарында катуу жүргөн селдин кесепети. Сүрөттөр

© Фото / пресс-служба МЧСНарын шаарындагы сел
Нарын шаарындагы сел - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээки селдин суулары бир нече турак үйдүн короосун, чарбалык курулуштарды жана унаа жолдорду каптаган. Каза болгондор жана жабыр тарткандар болгон эмес.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Нарын шаарында 15 турак үйдүн короо-жайлары кум-шагылдан тазаланып, учурда мындай жумуштар уланып жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Эске сала кетсек, Нарын шаарында кечээ, 3-июнда, саат 16:00дөр чамасында нөшөрлөп жамгыр жааган. Анын кесепетинен коктулардан келген сел суулары Чоң-Нарын каналынан ашып, Батыш, Алма-Бак, Ак-Коргон, Көтөрмө тилкелеринде жайгашкан жалпы 60 турак үйдүн короосун, чарбалык курулуштарды жана унаа жолдорду каптаган. Каза болгондор жана жабыр тарткандар жок.

Селден кийин аймактын абалы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баткендеги селде "Нива" аккан эмес. ӨКМ соцтармактагы видео тууралуу
Кырдаалдын кесепетин жоюуга жалпы 48 куткаруучу, үч унаа, үч мотопомпа тартылган. Ошондой эле "Таза-Нарын" ишканасынан бир грейдер, бир экскаватор, "Суу канал" ишканасынан бир суу сордуруучу унаа, облустук жана райондук Жарандык коргонууу кызматтарынан 10 даана инженердик техника иштегени айтылат. Мындан сырткары, ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынан 470 литр дизель бөлүнүп берилген.

Тартылган күчтөрдүн жардамы менен 15 турак үйдүн короо-жайлары кум-шагылдан тазаланган. Бүгүн дагы селдин кесепетин жоюу иштери улантылып жатканы маалымдалды.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызгидромет аба ырайы тууралуу шашылыш билдирүү тараткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0