Бишкекте милиция бөлүмүнөн камактагы шектүү качып кетти

© Sputnik / Тимур БатыршинРешеткадагы наручниктер. Иллюстративдик сүрөт
Решеткадагы наручниктер. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүү катары кармалып турган адамдын качып кетүүсүнө жол берген кызматкерлердин аракети боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Кечээ Бишкектин Ленин райондук №2 милиция бөлүмүндө кармалып турган 50 жаштагы Бакыт Турдубаев аттуу камактагы шектүү жаран качып кетти. Бул тууралуу аталган райондун ИИБинен билдиришти.

Учурда аны издөө иштери жүрүп жатат. Милиция анын кайда экенин билгендер болсо 0(312) 352-605, 0(312) 444-457, 0(700) 425-344 жана 102 номерлерине кабарлап коюуну суранды.

© Фото / пресс-служба УВД Ленинского районаБишкектин Ленин райондук №2 милиция бөлүмүнөн качып кеткен 50 жаштагы Бакыт Турдубаев
Бишкекте милиция бөлүмүнөн камактагы шектүү качып кетти - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин Ленин райондук №2 милиция бөлүмүнөн качып кеткен 50 жаштагы Бакыт Турдубаев

Шектүүнүн белгилери:

Кара түстөгү көйнөк, шым жана бут кийим кийип жүргөн. Бою — 165-170 сантиметр, салмагы — 65-70 килограмм. Кара тору, арык жана чачтары тармал.

Шектүү катары кармалып турган адамдын качып кетүүсүнө жол берген кызматкерлердин аракети боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0