Четтен келгендер бар. Бүгүн 37 кишиден коронавирус чыкты

© Sputnik / Николай Хижняк / Медиабанкка өтүүМобильные комплексы для тестирования на коронавирус в Адыгее
Мобильные комплексы для тестирования на коронавирус в Адыгее - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирус жуктургандардын жалпы саны ушуну менен 1936га жетти. Анын 1340ы айыгып, үйлөрүнө чыгарылды.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда 37 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Бишкекте 14 кишиден, Нарында алты, Ысык-Көлдө үч, Ош шаарында бир, Ош облусунда беш жана Баткенде бир кишиден вирус чыкты.

"Бүгүн катталган жаңы 37 учурдун 17си четтен келгендерден табылды. Арасында Москва жана Оренбургдан келген жарандар бар. Калган 12 учур медициналык көзөмөлдө тургандардан аныкталса, сегиз учурдун булагы тактала элек", — деди Үсөнбаев.

Коронавирус жуктургандардын жалпы саны ушуну менен 1936га жетти.

Бүгүн дагы эки аялдын көз жумганы айтылып, COVID аныкталып каза тапкандардын саны 22 болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0