Бишкектин чок ортосунда автоунаа сүзүп мүрт кеткен аял. Кырсыктын видеосу

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүБорбордук клиникалык ооруканада бейтап. Архив
Борбордук клиникалык ооруканада бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуяга күбө болгон адамдын айтуусуна караганда, аял ошол жерден мүрт кеткен. Автоунаалар Абдрахманов менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде кагылышкан.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Интернетке Бишкектин чок ортосунда болгон автокырсыктын видеосу тарады. Камерадан тартылган ал учурду Oppa Instagram-аккаунту жарыялаган.

"Автоунаалар Абдрахманов менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде кагылышкандан кийин бирөө жолдон чыгып, күү менен барып имаратка урунган. Ошол учурда Токтогул көчөсүн кесип өтүүгө камынган аялды да сүзгөн. Кырсык болгон жерге милициянын кайгуул кызматы жана дарыгерлер келишти. Бирок аял ошол жерден эле жан берген экен", — деп айтылат видеодо.

Эске салсак, кечээ Сокулук районундагы айылда жол кырсык болуп, анда да бир аял каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0