Чоң-Арыктагы "Сейил" паркынын жанынан эки автоунаа кагышты. Видео

© Фото / Олег ГлазыринЧоң-Арыктагы "Сейил" паркынын жанынан жол кырсыгы
Чоң-Арыктагы Сейил паркынын жанынан жол кырсыгы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык тоолуу аймакта болгон. Окуяга күбө болгон адам машиналар маңдайынан сүзүшкөнүн, унаалардын биринде үй-бүлө болгонун айтып берди.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Чоң-Арык айылындагы "Сейил" паркынан жогору жакта эки автоунаа кагыша кеткенин Sputnik Кыргызстан кабарчысына күбө кабарлады.

Окуя бүгүн болжол менен саат 16.00дөр чамасында болгон. Күбөнүн айтканына караганда, кырсыкка Volkswagen жана Opel үлгүсүндөгү машиналар кабылган.

"Volkswagen унаасын жигит айдап бара жатыптыр, ал жабыркаган жок, экинчи машинада баласы бар бүлө кетип бараткан экен. Алардын баарын Тез жардам кызматы алып кетти", — деди кырсыкка күбө болгон киши.

Кырсык болгондон кийинки учур "Короче" Telegram-каналына жарыяланды.

Бишкектин Кайгуул милициясы авария болгонун тастыктап, чоо-жайы такталып жатканын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0