Оорусун айтпай үйүндө жата берген. Нарында бир аял коронавирустан каза болду

© Sputnik / Татьяна Макеева / Медиабанкка өтүүРабота медиков с больными COVID-19 в клинике МГУ
Работа медиков с больными COVID-19 в клинике МГУ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абалы өтө оор болгондуктан бейтап 6-июнда Нарын облустук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылган.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Нарын облусунда 67 жаштагы аял коронавирустан каза болду. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, бейтап оорусун айтпай үйдө жатып алган. Тийиштүү кызматтарга 5-июнда чалганда мобилдик бригада барып, ооруканага алып келишкен. Абалы өтө оор болгондуктан 6-июнда Нарын облустук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылган.

"Бейтап реанимацияга алынып, кычкылтек дагы колдонулган. Бирок абалы өтө оорлошуп кеткендиктен медиктердин жасаган аракеттерине карабай кечээ, 7-июнда кечинде, жүрөгү токтоп каза болуп калды. Ага COVID-19дун эң оор түрү жуккан деген диагноз коюлду. Өпкөсүнөн эки тараптуу пневмония болгон, анемия менен да жабыркачу экен. Кан басымы өтө жогору болуп коронавирус жугуп калгандан кийин организм көтөрө албай калган", — деди Үсөнбаев.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирустан 23 адам каза болду. Бүгүнкү статистикага ылайык, ооруну жуктургандардын саны 2032ге жетти. Анын ичинен 1445 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0