Вид на реку Ак-Буура в городе Ош

Ак-Буурага агып көз жумган 18 жаштагы улан мектепти жаңы бүткөн. Чоо-жайы

567
(жаңыланган 12:05 08.06.2020)
Куткаруучулар сөөктү суунун агымын башка жакка буруп издеп, кырсык болгон жерден 100 метр ылдый аралыктан тапкан.

ОШ, 8-июн. — Sputnik. Оштогу Ак-Буура дарыясына агып каза болгон 18 жаштагы бүтүрүүчү сүрөткө түшөм деп жатып, сууга кулап кеткен. Бул туурасында Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев айтып берди.

Буга чейин ӨКМдин куткаруучулары Ошто Ак-Буура суусунан 8-июнь күнү таңда жаш жигиттин сөөгүн тапканы кабарланган.

Маркум Мады айылынын тургуну болгон. Быйыл Макаренко атындагы мектепти аяктагандыгы айтылды. Кырсык болгон күнү Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылы тарапка барып, Ак-Буура дарыясынын жээгинде сүрөткө түшүп жаткан учурда кокусунан сууга кулап түшкөн.

"Куткаруучулар сууну токтотуп издешкен. Сөөк 100 метр аралыкка чейин агып барып, такалып туруп калган. Туугандары соттук-медициналык экспертизадан баш тартышты", — деди Аширбаев.

Окуяны Кара-Суу райондук милиция бөлүмү кокустук катары каттады.

567
Белгилер:
Сүрөт, бүтүрүүчү, өлүм, сууга агуу, Ак-Буура, Ош, Кыргызстан
Тема боюнча
Чоң Чүй каналынан 18 жаштагы уландын сөөгү табылды

Каракчылыкка шектүүнү Бишкекте спецназ кармады. Видео

192
(жаңыланган 23:09 02.12.2020)
Жабырлануучу аялдын айтымында, белгисиз адамдар үйгө кирип келип андагыларды ур-тепкиге алган. Ал эми жолдошун байлап салып, ири суммадагы акчаны алып кетишкен.

Бишкекте Криминалдык милициянын кызматкерлери спецназ жоокерлери менен биргеликте мыкаачылык менен кол салууга шектелген жаранды кармашты.

Кармоо учурундагы видеону Бишкек ШИИБинин маалымат кызматы жарыялады.

Маалыматка караганда, 8-октябрь күнү "Жер ынтымагы" конушундагы үйлөрдүн бири каракталган. Жабырлануучу аялдын айтымында, белгисиз адамдар үйгө кирип келип андагыларды ур-тепкиге алган. Ал эми жолдошун байлап салып, 5 500 доллар, 150 миң сом жана 60 миң сомдук алтын буюмдарды уурдап кетишкен.

Жазык кодексинин 202-беренесине (“Каракчылык”) ылайык сотко чейинки өндүрүш башталган.

Жыйынтыгында 32 жаштагы шектүү кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

192
Белгилер:
шектүү, каракчылык, милиция, Бишкек
Тема боюнча
Уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсүн кармаган видео жарыяланды
Кары киши. Архивдик сүрөт

Беш айдан бери дайынсыз. Чүйдө 61 жаштагы киши изделүүдө

21
(жаңыланган 16:28 02.12.2020)
Издөө салынган киши күрөң түстөгү свитер, жеңи кыска көйнөк, көк түстөгү спорттук шым, кара туфли жана башына кара кепка кийип жүргөн.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Чүйдө беш айдан бери 61 жаштагы киши изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады. 

Без вести пропавший Сулайманов Сайдали
© Фото / пресс-служба ОВД Московского района
Жоголуп кеткен 61 жаштагы Москва районунун Беш-Терек айылынын жашоочусу Сайдалы Сулайманов

Ага ылайык, жоголгон Сайдалы Сулайманов Москва районунун Беш-Терек айылында жашачу. Ал үйүнөн 2020-жылдын 15-июнунда чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес.

Изделип жаткан кишинин бою 170-175 сантиметр, чачын ак баскан, кыска. Көздөрү кара, кашы калың. Ал күрөң түстөгү свитер, жеңи кыска көйнөк, көк түстөгү спорттук шым, кара туфли жана башына кара кепка кийип жүргөн.

Дайынсыз жоголуп жаткан киши тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, Чүй ОИИБ (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85 телефондоруна, ал эми Москва райондук ИИБ (0312) 60-77-27, 0550 22-17-17,0707 54-21-71 номерлерине чалып коюуну өтүндү.

21
Белгилер:
Чүй облусу, милиция, белги, издөө
Тема боюнча
Баткенде жоголгон аял Өзбекстан менен Тажикстандан да изделип жатат. Сүрөт