Улуттук кардиология борборундагы кызматкерден коронавирус табылды

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүГоспиталь COVID-19 в ЦИТО им. Н. Н. Приорова
Госпиталь COVID-19 в ЦИТО им. Н. Н. Приорова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сарыбаевдин айтымында, оорукана кадимки тартипте иштеп жатат. Коронавирус табылган медик бейтаптар менен байланышта болгон эмес.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Бишкектеги Улуттук кардиология жана терапия борборунун бир кызматкеринен коронавирус табылды. Маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине борбордун жетекчиси Акпай Сарыбаев тастыктады.

Анын айтымында, коронавирус табылган медицина кызматкери оорукананын лабораториясында иштечү.

"Аталган медик ооруканадан 12 адам менен байланышта болгон. Анын баарынан дароо эле коронавируска тест жасалып, анализдери таза чыкты. Булар лаборатория кызматкерлери болгондуктан, бейтаптар менен байланышта болгон эмес", — деди Сарыбаев.

Жетекчи оорукана кадимки тартипте эле иштеп жатканын айтып, лабораторияда бүгүн дезинфекция иштери жүрөрүн кошумчалады.

"Дезинфекциялоо аяктагандан кийин бүгүн кечинде эле ал жакка башка кызматкерлер келет. Лаборатория эртеңден баштап кайра иштей берет. Ал эми бейтап менен байланышта болгондор 12 күнгө үй карантинде болушат. Кайталап алынган анализдери таза чыккандан кийин кайра жумушка чыгышат ", — деди оорукана жетекчиси.

Кыргызстанда COVID-19ду жуктургандардын жалпы саны 2032ге жетти. Анын ичинен 1445 бейтап айыгып, 23 адам каза болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0