Балыкчыда Stepwgn жол четиндеги бетонду сүзүп, эки аял каза болду. Сүрөт

© Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской областиДТП с участием минивэна Honda Stepwgn в Иссык-Кульской области
ДТП с участием минивэна Honda Stepwgn в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыкка кабылган автоунаанын айдоочусу Чолпон-Ата шаарынын 19 жаштагы тургуну О.У. экенин аныктаган.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Тоң районунун Көк-Мойнок айылына жете бербей Honda Stepwgn үлгүсүндөгү автоунаа жол кырсыгына кабылып эки аял каза болду. Бул туурасында Ысык-Көл облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, окуя 8-июнь күнү болжол менен саат 04.20лар чамасында болгон. Жерине Балыкчы шаардык милициянын тергөө-ыкчам тобу барып, айдоочу Чолпон-Ата шаарынын 19 жаштагы тургуну О.У. экенин аныктаган. Ал Бишкектен Чолпон-Атага бара жатып, Бишкек — Балыкчы — Торугарт автожолунун 163-чакырымында рулга ээ боло албай, жолдун четиндеги бетон тосмолорун сүзгөн. 

© Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской областиТоң районунун Көк-Мойнок айылына жете бербей Honda Stepwgn үлгүсүндөгү автоунаа жол кырсыгына кабылып эки аял каза болду
Балыкчыда Stepwgn жол четиндеги бетонду сүзүп, эки аял каза болду. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Тоң районунун Көк-Мойнок айылына жете бербей Honda Stepwgn үлгүсүндөгү автоунаа жол кырсыгына кабылып эки аял каза болду
"Жол кырсыгынан улам жүргүнчү катары бара жатышкан Ак-Суу районунун 48 жаштагы тургуну Э.Ж. жана Каракол шаарынын 39 жаштагы тургуну Д.Б. мүрт кеткен. Ал эми айдоочу жана башка эки жүргүнчү, Бишкек шаарынын 34 жаштагы тургуну И.Н. жана Каракол шаарынын 18-жаштагы тургуну Т. кызы Ж. жаракат алып, Балыкчы шаардык ооруканасына жаткырылды", — деп айтылат маалыматта.

Облустук милиция кырсык учурунда айдоочу спирт ичимдигин ичпегендиги аныкталганын кошумчалады. 

© Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской областиОблустук милиция кырсык учурунда айдоочу спирт ичимдигин ичпегендиги аныкталганын кошумчалады
Балыкчыда Stepwgn жол четиндеги бетонду сүзүп, эки аял каза болду. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Облустук милиция кырсык учурунда айдоочу спирт ичимдигин ичпегендиги аныкталганын кошумчалады

Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү үчүн топтолгон иш кагаздар Тоң райондук милициясына өткөрүлмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0