Акча алса, чалгыла! Милиция алдамчылыкка шектелген кыздын сүрөтүн жарыялады

© REUTERS / Marcos BrindicciАял доллар купюраларды санап жатат. Архив
Аял доллар купюраларды санап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Октябрь райондук криминалдык милициясынын ыкчам кызматкерлери А.К. аттуу 24 жаштагы кызды издеп таап, убактылуу кармоо жайына киргизген.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Бишкек шаардык милициясы АКШга виза жасатып берем деп алдамчылык жол менен 11 миң доллар алууга шектелген кызды кармап, ага алданып калгандар болсо кабар берүүнү суранды. Бул тууралуу борбор калаадагы Октябрь райондук милиция кабарлады.

© Фото / Пресс-служба УВД Октябрьского р-а г. БишкекАКШга виза жасатып берем деп алдамчылык жол менен 11 миң доллар алууга шектелген кыз
Акча алса, чалгыла! Милиция алдамчылыкка шектелген кыздын сүрөтүн жарыялады - Sputnik Кыргызстан
АКШга виза жасатып берем деп алдамчылык жол менен 11 миң доллар алууга шектелген кыз

Мындан бир нече күн мурда милициянын аталган райондук бөлүмүнө Б.Б. аттуу жаран кайрылган. Ал былтыр 9-ноябрда А.К. аттуу кызга АКШ визасын алып берем деген убадасы үчүн 11 миң доллар бергендигин, бирок кыз изин жашырып, качып жүргөндүгүн айтып, арызданган. Акчаны Б.Б. Байтик баатыр жана Горький көчөлөрүнүн кесилишиндеги кафелердин биринде колуна санап бергендигин билдирген.

Кыргыз жаранын паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Виза ачып берем деп элди 96 миң долларга алдап кеткен аялдар кармалды
Факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш кодексинин 204-беренеси ("Алдамчылык") менен катталган.

Октябрь райондук криминалдык милициясынын ыкчам кызматкерлери аталган А.К. аттуу 24 жаштагы кызды таап келип, убактылуу кармоо жайына киргизген.

Учурда Бишкек милициясы анын дагы буга окшогон башка кылмыштуу фактыларга тиешеси бар-жогун аныктоо максатында тергөө жана иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Андыктан тартип сакчылар жалпы жарандарга кайрылып, акчасын алдатып жиберген болсо төмөнкү телефондорго кайрылууну суранды:

0(709) 76-76-06, 0(558) 102-992 жана 102 номерлери.

Жаңылыктар түрмөгү
0