Милиционер Кара-Жыгач токоюнда 15 жаштагы кызды зордукчудан сактап калды

Жазылуу
Зордуктоого шектелген киши кызматкерди көрүп качып жөнөгөн, бирок тартип сакчысы аны кармап, милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкери 15 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган кишиден куткарып калды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, 5-июнда 32 жаштагы милиционер Кара-Жыгач токоюна чуркоого чыккан.

"Токойдон кыздын кыйкырганын уккан. Ал тарапка барганда белгисиз киши кызды жерге жаткырып, зордуктоого аракет кылып жаткан", — деп жазылат маалыматта.

Зордуктоого шектелген киши качып жөнөгөн, бирок тартип сакчысы аны кармап, милиция кызматкерлерине өткөрүп бергени айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0