Талас мэриясынын 29 жаштагы кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековКол кишен жана акча каражаттары. Архив
Кол кишен жана акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматка ылайык, кармалган адам муниципалдык жердин ижара мөөнөтүн узартуу үчүн жеке ишкерден акча каражатын талап кылган.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Талас шаардык мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгынын жетектөөчү адиси пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Ш.у.К аттуу 29 жаштагы адам 4-июнда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ыкчам издөө иш-чараларынын алкагында колго түшүрүлгөн.

“Шаардык парк” муниципиалдык ишканасынын директору Калича Умуралиева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Суракта болдум. Иш бөлмөсү тинтилген Калича Умуралиева түшүндүрмө берди
Кармалган адам муниципалдык жердин ижара мөөнөтүн узартуу үчүн жеке ишкерден акча каражатын талап кылганы белгилүү болду.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар КРдин Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси ("Пара талап кылуу") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Мэриянын кызматкери Талас облусттук ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0