Жалал-Абадда жер силкинди

© AFP / FREDERICK FLORINАдис сейсмографтын данныйларына көрсөтүп жатат. Архив
Адис сейсмографтын данныйларына көрсөтүп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аталган аймакта кырсыктан жабыркагандар жана кыйроолор катталбагандыгын билдирди.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Жалал-Абад облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталганын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, жер 11-июнда түшкү саат 14:58дерде силкинген.

"Жер титирөө Ноокен районунун Көк-Таш, Кара-Булак, Тоскоол, Эски-Маасы айылдарында 3 баллга чейин сезилген", — деп айтылат маалыматта.

Министрлик кырсыктан жабыркагандар жана кыйроолор катталбагандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0