Бишкектин чет жакасында жеңил автоунаа каналга түшүп кетти. Видео

© Sputnik / Павел Петров / Медиабанкка өтүүСууга түшүп кеткен унаа. Архив
Сууга түшүп кеткен унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Автокырсык 11-июнда кечке жуук Чүйдүн Төмөнкү Ала-Арча районундагы Киргизская көчөсүндө болгондугу такталды.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Төмөнкү Ала-Арча аймагында жеңил автоунаа каналдагы сууга түшүп кеткен.

Кырсыктын видеосу "Короче" Тelegram каналына жарыяланды.

Видеодон сары түстөгү жеңил автоунаа сууга түшүп кеткенин көрүүгө болот. Ал эми жолдун четинде кырсыктан жабыркаган дагы бир автокөлүк турат.

Милиция маалыматты тастыктап, Төмөнкү Ала-Арча конушундагы Киргизская көчөсүндө жол кырсыгы катталганын айтты. Жерине тергөөчү, укук коргоо органдары чыгып кеткенин, толугураак маалымат кийинчерээк берилерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0