Сот аялын катуу сабап, үч күн үйгө камаган эркекке өкүм чыгарды

© AP Photo / Marcelo RuizЭшиктин артында турган аял. Архив
Эшиктин артында турган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уруш аял менен күйөөсүнүн арак ичип отурган маалында башталган. Буга келиндин баласы машинаны уруксатсыз айдап кеткени да себеп болгон.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Аялын ур-токмокко алып үйдө бир нече күн камаган эркек киши эки жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Жогорку соттун расмий сайтында жарыяланды.

Судья балканы кармат турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Караколдо аялына бензин чачып өрттөгөн адамга өкүм чыкты
Өкүмгө ылайык, окуя Бишкек шаарында болгон. Анда үй-бүлө башчысы аялы менен уруша кетип, аны шаардын четине таалага алып чыгып катуу сабап, андан соң кожойкени үйдөн чыгарбай бир бөлмөгө үч күнгө камап салган. Келин короодогу ажатканага барам деп жолдошун алдап качып чыгып, укук коргоо кызматкерлерине арыз жазган.

Айыпталуучу сот отурумунда күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алып, төмөндөгүдөй көрсөтмө берген.

"Аялым менен жашаганыма төрт ай болгон. Ал күнү келинчегим экөөбүз үйдө арак ичип отуруп уруша кетип, ага кол көтөргөм. Себеби аялымдын уулу автоунаамды уруксатсыз айдап кетип, сүзүп салыптыр. Андан сырткары, кызганычтын айынан араздашканбыз. Бирок анын эркине каршы кармаган эмесмин", — деп көрсөтмө берген ал.

Ал эми жабырлануучу аны жолдошу катуу сабап, телефонун сындырып, бети-башындагы көгаласы кетиши үчүн үйдө бир нече күн камагандыгын айткан.

Фемида өкүлдөрү чогулган материалдарды карап чыгып, тараптарды угуп, үй ээсин эки жылга эркинен ажыратты.

Жаңылыктар түрмөгү
0