Бишкек — Чалдыбар жолунда бус кырсыктап, даракты сүзгөн. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековРабота маршрутного такси в Бишкеке
Работа маршрутного такси в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Видеодон ак түстөгү Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү автоунаанын жолдун боюндагы чуңкурга кирип кеткенин жана ал жерде укук коргоо кызматкерлеринин жүргөнүн көрүүгө болот.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Бишкек — Чалдыбар жолунда жүргүнчү ташыган автокөлүк жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу окуяга күбө болгон жаран Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине кабарлады.

Кырсыктын видеосу "Короче" Тelegram каналына жарыяланган.

Видеодон ак түстөгү Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү автоунаанын жолдун боюндагы чуңкурга кирип кеткенин жана ал жерде укук коргоо кызматкерлеринин жүргөнүн көрүүгө болот. Ал жол кырсыгы катталгандыгын Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкармалыгы да тастыктады.

"Жол кырсыгы саат 19.30 чамасында болгон. Автоунаа борбор калаадан Чалдыбар айылына бараткан, анын айдоочусу рулду башкара албай калып даракты сүзгөн", — деп башкармалыктан билдиришти.

Андан сырткары, милициядан окуянын толук чоо-жайы кийинчерээк кабарлана тургандыгын айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0