Кытайда бензовоз жарылып 9 киши мүрт кетти. Кырсыктын видеосу

© AFP / JOSH EDELSONУнаа күйүп жатат. Архив
Унаа күйүп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарылуунун толкуну абдан күчтүү болгондуктан, үйлөр, автоунаалар жабыркап, дүкөндүн витриналары талкаланып кеткен.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Кытайда автоцистернанын жарылуусунан кеминде тогуз киши каза таап, 100дөй адам жабыркады. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКларга таянып, "RT на русском" Telagram-каналы жазды.

Соцтармактардан көп тонналуу цистернанын бөлүктөрү ондогон метрге чейин чачырап кеткенин көрүүгө болот.

Жарылуунун толкуну Тайчжоу шаарындагы турак үйлөрдү, автоунааларды жабыркатып, дүкөн витриналарын талкалап кеткен. Кырсык болгон жерде куткаруучулар менен дарыгерлердин тобу иштеп жатат. Жабырлануучулардын саны такталып жатканы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0