Аялынын мойнуна дөңгөлөк байлап таяктаган киши камакка алынды

© Sputnik / Тимур БатыршинИлинип турган кишен. Иллюстративдик сүрөт
Илинип турган кишен. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабыркаган келин милицияга үч күндөн кийин кайрылган. Маалыматта анын баш мээси чайкалганы айтылат.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Сузакта аял кишинин мойнуна дөңгөлөк байлап алып чакалап суу чачып, уруп, мазактаган киши 15 суткага камакка алынды. Мындай чечимди райондук сот чыгарганын облустук милициянын катчысы Нурдин Жээнтаев тастыктады.

Судья балканы кармат турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Караколдо аялына бензин чачып өрттөгөн адамга өкүм чыкты
Эскерте кетсек, соцтармактарга аялын мыкаачылык менен кордоп жаткан эркектин видесу тараган. Жабыркаган аял милицияга арыз менен кайрылгандан кийин күйөөсү кармалып, факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар кодексинин 75-беренеси ("Үй-бүлөдөгү зомбулук") боюнча катталган.

Окуя 8-июнь күнү саат 11:00дөр чамасында Сузак районундагы айылдардын биринде болгон. Камакка алынган кишинин 52де экени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0