Жеңил унаа менен мотоцикл кагышкан кырсыкта үч адам жабыркады

Жазылуу
Жол кырсыгы кечээ кечинде Байтик баатыр жана Скрябин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Жабыркагандардын болжолдуу санын алгач окуянын күбөлөрү билдирген.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Жеңил автоунаа менен мотоцикл кагышкан кырсыкта жабыркагандар ооруканага жеткирилгенин милиция менен Тез жардам кызматы билдирди.

Окуянын күбөлөрү жол кырсыгы Сүйөркулов көчөсүнөн анча алыс эмес жердеги Байтик баатыр көчөсүндө болгонун жана андан бир адам жабыркаганын кабарлашкан.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Oppa (@oppa_kg)

Милициянын билдиришинче, кагылышуу 21:30дар чамасында Байтик баатыр жана Скрябин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Унаа Toyota үлгүсүндө экендиги айтылды. Кырсыктан эки киши жабыркады.

Тез жардам кызматы болсо үч киши жабыркап, бардыгы ооруканага жаткырылганын маалымдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0