6-кичи райондогу өрттөн 25 жаштагы жигит каза болгон. Ижарачы кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын 6-кичи районундагы Юнусалиев менен Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилишинде өрт чыккан
Бишкек шаарынын 6-кичи районундагы Юнусалиев менен Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилишинде өрт чыккан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
15-июнда Бишкек шаарынын 6-кичи районундагы Юнусалиев менен Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилишинде өрт чыккан. Анда тамактануучу жай жана дарыкана күйүп кеткен. Өрттү өчүрүүгө беш сааттай убакыт кеткен.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Бишкектин түштүк тарабында чыккан өрттөн каза болгон жарандын өздүгү такталды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, 15-июнда Бишкек шаарынын 6-кичи районундагы Юнусалиев менен Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилишинде өрт чыгып, бир адам көз жумган.

"Кылмыш кодексинин 261-беренеси ('Өрт коопсуздугунун эрежесин бузуу') боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде тергөө иштери башталган. Сотко чейин тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө каза болгон адам 25 жаштагы жигит экени аныкталды", — деп айтылат маалыматта.

Бишкек ШИИБ "Шаурма на мангале" аттуу тез татымдын арендатору, 31 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизиленин кошумчалады.

Борбор калаанын түштүк бөлүгүндө чыккан өрт беш саатта өчүрүлгөн. Анда тамактануучу жай жана дарыкана күйүп кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0