Кара-Суу: 15 жаштагы өспүрүм каналга түшүп кетип каза болду

Жазылуу
Кырсык болгон жер Ош калаасына жакын жайгашкандыктан баланын сөөгүн шаардык милициянын кызматкерлери таап, алып чыккан.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районунда 15 жаштагы өспүрүм Түштүк деп аталган каналдагы сууга колун жууйм деп агып кетип, каза болду. Бул маалыматты Облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев тастыктады.

Ага ылайык, окуя кечээ, 16-июнь күнү, Шарк айыл өкмөтүндө саат 13:00дөр чамасында болгон.

Аталган айыл өкмөт Ош калаасына жакын жайгашкандыктан шаардык милициянын кызматкерлери маркумдун сөөгүн суудан алып чыгып, облустук бөлүмдөгү кесиптештерине өткөрүп беришкен.

"15 жаштагы өспүрүм Түштүк деп аталган каналга колун жууйм деп жатып агып кеткен. Маркумдун сөөгү окуядан үч саат өткөн соң калаадагы Манас-Ата кичи району тараптан табылган", — деп билдирди Аширбаев.

Баланын жакындары сөөктү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тарткан.

Окуя Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине кокустук катары катталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0