БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Бишкекте эркек киши өзү менен чогуу жашаган аялды барымтага алып, эки милиционерди жарадар кылганын Oppa Instagram-аккаунту жазып чыкты.
Билдирүүдө окуянын видеосу да жүктөлгөн.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Посттогу маалыматка ылайык, Бишкектин "шлагбаум" деп аталган аймагында эркек киши өзү менен чогуу жашаган аялды кызганып, өлтүрөм деп коркуткан.
"Окуя болгон жерге Кайгуул милициянын кызматкерлери менен Биринчи май районунун №5 милиция бөлүмүнүн жетекчиси келди. Ал берки киши менен сүйлөшүп, колундагы бычагын алганга аракет кылган. Натыйжада жетекчи колунан жаракат алып, дагы бир милиционердин кулагына бычак тийген", — деп айтылат маалыматта.
Бычак көтөргөн киши шаардык №5 милиция бөлүмүнө, ал эми укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен аялдын ооруканага жеткирилгени айтылган. Окуя бүгүн, 17-июнда, саат 19:00дөр чамасында болгон.
Бишкек шаардык милициясынын маалымат кызматы кабар саат 19:50дө Ден Сяопин көчөсү, 23 дарегинен түшкөнүн билдиришти."Чакыруу түшкөн жерге Биринчи май ИИБдин ыкчам-тергөө тобу менен Кайгуул милициясынын кызматкерлери барган. Алар мас кишини кармап, райондук милиция бөлүмүнө алып келишкен. Анын 36 жаштагы С.К. аттуу жаран экендиги белгилүү болду. Милиционерлер дагы деле иштеп жатат, толук маалымат кийинчерээк болот", — деп билдирди Бишкек ШИИББинен.
Шаардык милиция укук коргоо органдарынын кызматкерлери жаракат алганбы деген суроого "бардыгы аман-эсен, зыян тарткан жок" деп жооп берди.
Шектүү катары ошол эле шаардын 2000-жылы туулган эки жараны кармалды. Маалыматка караганда, алардын жанынан уурдалган нерселер табылып, эки айга камакка алынган.
Шектүүлөрдүн башка кылмыштарга тиешеси бары-жогу текшерилип жатат.
Жолчулар сентябрдан бери айлык толук төлөнбөй 2000-3000 сомдон гана берилип жатканына нааразы. Маселени аймактагы жетекчилер чече албагандыктан министрликке келүүгө аргасыз болгонун айтышты.
Нарындын Ат-Башы районунда жол тазалап иштеген Жаңыбай Кенжебаев декабрдан бери айлыгын ала элек.
"Контордо иштегендер бизден мурда, ай сайын өз убагында алат. Алар жайкысын көлөкөдө, кышкысын жылуу кеңседе отурушат. Ал эми биз аба ырайынын ысык-суугуна карабай иштейбиз. Анан калса минтип маянабызды кечиктирип, аз-аздан берип коюп кыйнап жатышат. Акыры айлабыз кеткенде ушул жерге келдик. Мугалим, медик, милиционерлердин айлыгы көтөрүлдү, бирок негизги жумушту аткарган жолчулардыкы жогорулаган жок", — деди Кенжебаев.
Дагы бир жолчу Мырзабек Данияров күн жааганда түнкү саат 4:00дө эле жумушка чыгарын, кээде эки суткалап жолго кум чачып, күнү-түнү тазалап турушарын айтат.
Ал эми Нарын шаарында иштеген Жаныбек Асаналиев төрт айдан бери маяна ала элегин айтты.
Чогулгандардын алдына Жол чарба департаментинин директорунун орун басары Жумаш Сооданбаев чыкты. Ал январдын айлыгы толук төлөнөрүн, ал эми февралда мурдагы карыздары кошулуп берилерин убадалады. Маянанын кечигүүсүн пандемияда министрликтин бюджети кыскартылганы менен түшүндүрдү.
Ал арада УКМК Жол чарба департаментинин директору Шабданбек Иманкуловду "мыйзамсыз байыган" деп кармады. Аткаминер төрт хан сарайга, Бишкектен 20 батирге, кымбат баалуу автоунааларга жана көптөгөн бодо малга ээлик кылары айтылды.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Германия Кыргызстанга 14,9 миллион евро өлчөмүндөгү карызын кечүүгө даяр. Болгону Кыргызстан ал каражатты ипотекалык кредитке жумшашы керек. Бул тууралуу журналисттерге Финансы министрлигинин Мамлекеттик карыздар башкармалыгынын жетекчиси Руслан Татиков билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылы министрлик тышкы карызды жоюп салуу өтүнүчү менен бир нече мамлекетке кайрылган. Бир гана Германия буга макул болду.
"Жалгыз Германия карызды жоюу боюнча макулдугун берди. Документке кол коюла элек, бирок сүйлөшүүлөр болду”, — деди Татиков.
Ал кошумчалагандай, бул каражат эми Мамлекеттик ипотекалык компанияга жумшалат деп күтүлүп жатат.