Кырсык болгонун көрүп туруп кетип калган эки милиционер жазага тартылды

© Sputnik / Жоомарт УраимовПатрулдук милициянын унаасы. Архив
Патрулдук милициянын унаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баш ийбей качкан айдоочунун артынан түшкөн милиция кызматкерлери өзүлөрү да бир катар талаптарды бузушкан.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Адам өмүрүн алган жол кырсыкка тиешеси бар делген эки милиционерге 50 миң сомдон айып салынды. Бул тууралуу Жогорку соттун расмий сайтында жарыяланды.

Өкүмгө ылайык, каргаша 2018-жылдын декабрь айында борбор калаада болгон. Анда Бишкек шаардык жол кайгуул кызматында иштеген үч инспектор жумушка чыгып, түндө Mercedes Benz үлгүсүндөгү жеңил автоунааны токтоткон. Бирок бир жүргүнчүсү менен бараткан айдоочу баш ийбей качып жөнөгөн. Эки милиционер үчүнчү кесиптешин таштап, ал унааны артынан кубалап, бир катар талаптарды бузган. Алсак, кызматтык унаанын кошумча жарык берүүчү аппаратын жана фараны иштеткен эмес.

Эшиктин артында турган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сот аялын катуу сабап, үч күн үйгө камаган эркекке өкүм чыгарды
Жыйынтыгында качууга аракет кылган жаран жолдун боюнда токтоп турган унааны сүзүп, ооруканада көз жумган. Ал эми аны кубалаган погончондор окуя болгон жерден жоопкерчиликтен качуу максатында жабырлануучуларга жардам бербей кетип калган.

Тергөө маалында айыпталуучулар өз күнөөсүн мойнуна албай, ал жол кырсыгы жөнүндө рациядан уккандыгын айтса, көчөдөгү күбөлөр Жол кайгуул кызматынын унаасы кырсык болгондон кийин эле ал жерден өтүп кеткендигин билдирген.

Фемида өкүлдөрү эки инспекторду Кылмыш-жаза кодексинин 121-беренесинин ("Коркунуч абалда калтыруу") 2-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп таап, алардын ар бирине 50 миң сомдон айып пул салды.

Жаңылыктар түрмөгү
0