Жүк ташуучу машина менен кагышкан тез жардам унаасы. Төрт медик жабыркады

© Sputnik / Азамат АралбаевБишкекте жүк ташуучу автоунаа менен тез жардам машинасы кагышкан
Бишкекте жүк ташуучу автоунаа менен тез жардам машинасы кагышкан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
18-июнь күнү Бишкекте жүк ташуучу автоунаа менен тез жардам машинасы кагышкан. Кырсык Орозбеков менен Ленинград көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Бишкекте тез жардам унаасы менен жүк ташуучу машинанын кагышуусунан төрт медицина кызматкери жабыркаган. Бул тууралуу Бишкектин ыкчам медициналык борборуна караштуу реанимация бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов өзүнүн Twitter баракчасына жазды.

Анын айтымында, кырсыктан эки фельдшер, айдоочу жана дарыгер жабыркаган.

"Фельдшердин абалы оор, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Андан башка маалымат жок, ишти милиция кызматкерлери териштирип жатат", — деп жазган ал.

Эске салсак, 18-июнь күнү Бишкекте жүк ташуучу автоунаа менен тез жардам машинасы кагышкан. Кырсык Орозбеков менен Ленинград көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда тез жардам унаасы талкаланып калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0