Колу байланган адам. Архив

Үч күндөн соң эсин жоготуп... Ошто кишини барымтага алган шектүүлөр кармалды

336
(жаңыланган 16:50 19.06.2020)
Укук коргоо органдарындагы ишенимдүү адамдардын билдиргенине караганда, жабырлануучу уурдалгандан үч күндөн соң эсин жоготуп, саламаттыгы начарлаган.

ОШ, 19-июн. – Sputnik. Кадамжай районунда 27 жаштагы жигитти уурдап, барымтага алды делген шек менен беш жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Дамира Юсупова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, окуя 2-март күнү болжол менен саат 21:00 чамасында болгон.

Кадамжай районунун тургуну милицияга кайрылып, анын 27 жаштагы уулун белгисиз кишилер сыртка чакырып кетип, ошондон кийин ал келбегенин айтып, арыз жазган.

Бул факты Кадамжай райондук милициясы тараптан Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 170-беренеси ("Адам уурдоо") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Аталган окуя боюнча ыкчам кызматкерлердин иликтөө иштеринин жүрүшүндө 18-июнда Ош шаарынын 32, 21, Өзгөн районунун 22 жана буга чейин каракчылык фактысы менен соттолгон, кийин Россия аймагында жашырынып жүргөн Кара-Суу районунун 22 жаштагы тургундары кармалды. Шектүүлөр учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Ал эми укук коргоо органдарындагы ишенимдүү адамдардын билдиргенине караганда, белгисиз адамдар жабырлануучуну уурдап, барымтада кармап жаткан жеринен анын ден соолугу начарлап, өзүн жоготкон. Ошол маалда алар туткунду шаардагы көчөлөрдүн бирине таштап кетишкен. Жыйынтыгында, ал ооруканага түшүп, өзүнө келген соң ким экени аныкталып, кылмыш иши ачылган.

Алар жабырлануучуну акча маселесинен улам жашаган үйүнөн чакырып чыгып, уурдап кетип, Ош шаарындагы батирлердин биринде үч күн бою кармап турушкан.

336
Белгилер:
жабырлануучу, акча, Ош, Кадамжай, адам уурдоо
Тема боюнча
Бишкекте жүргүнчү ташыган бустардын айдоочулары мушташа кетти. Видео
Жол кырсыкка кабылган унаа. Архивдик сүрөт

Катуу соккудан автоунаа тегеренип кеткен. Бишкектеги жол кырсыктын видеосу

20
(жаңыланган 21:12 25.09.2020)
Жол кырсыгы 20-сентябрда болуп, андан үч адам жабыркаганы айтылды. Окуянын видеосун материалдан көрүңүздөр.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Бишкекте Күйүкова менен Шералиев көчөлөрүнүн кесилишинде эки автоунаа кагышып, кырсык болгон учур кадрга түшүп калган.

Видео "Короче" Telegram-каналына жарыяланды.

Маалымдалгандай, кырсык 20-сентябрда болуп, анда Volkswagen менен Mazda үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкан. Видеодо көрүнүп тургандай, биринчи автоунаа солго бурулайын деп жатканда артында келе жаткан машина аны катуу сүзгөн. Жыйынтыгында бурулайын деген автоунаа тегеренип кеткен.

Бишкекте багаждан коляска чыгарып жаткан кишини унаа коюп кетип көз жумду

Тез жардам медициналык борбору кабарлагандай, кырсыктан үч адам жабыркаган.

20
Белгилер:
автоунаа, видео, жол кырсык, Бишкек
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Оштогу жол кырсыгында өрт чыгып, беш киши жабыркады. Сүрөттөр
Жол кырсыгы болгон жерге эмнеге инспектор чакыруудан качышат? Эреже, кеңештер
Тапанча кармаган адам. Архив

Бишкектин четинде Түркиянын жаранын атып, акчасы менен унаасын карактап кетишти

221
(жаңыланган 18:23 25.09.2020)
Жабырлануучу окуядан кийин ар кандай жаракат алып, борбор калаадагы ооруканалардын бирине жаткырылган.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Аламүдүн районунда белгисиз адамдар Түркиянын жаранына кол салып, атып кетишти. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Окуя Бишкектин четиндеги Кашка-Суу айылында болгон. Кол салуу боюнча милицияга 24-сентябрда түнкү саат 23.50дө кабарлашкан.

Жерине барган милиционерлер саат 23:40та бет кап кийген белгисиз адамдар 42 жаштагы чет элдик жаранга күч колдонуп, курал менен атып кетишкенин аныкташкан. Каракчылар анын 80 миң сом акчасын алып, машинасын айдап качып кеткен. Жабырлануучу ар кандай жарааты менен ооруканага жаткырылган.

Бишкекте эки милиционерге бычак кезеген кишини ок чыгарып кармашты. Видео

Учурда шектүүлөр изделип жатат. Иш менен Чүй РИИБдин жана ОИИБдин тажрыйбалуу тергөөчүлөрү алектенүүдө.

221
Белгилер:
ок атуу, акча, кылмыш, тергөө
Тема боюнча
Аравандагы массалык мушташ: 13 шектүү аныкталып, тогузу ооруканада
Кыз талашкан. Бир жигитти алтоолоп сабаган Оштогу окуянын чоо-жайы
Европа биримдигинин желеги. Архивдик сүрөт

Европа либералдык пикирлештик жана демократиялык тоталитаризм үчүн күрөшүүдө

0
(жаңыланган 21:31 25.09.2020)
Иш жүзүндө Батыш тарабынан жарыяланган кансыз согуш таптакыр жаңы баскычка аяк басты. Антироссиялык риториканын аркасынан өздөрүндөгү расмий идеологияга сыйбаган ой жүгүрткөндөрдү да куугунтуктоого чакырыктар башталбай калбайт көрүнөт.

Кырдаалдын өнүгүшү менен РФ эми мындай антироссиялык каралоо жана санкциялардын негизги бутасы болбой калганы аныкталат. Болбосо, Европарламенттин соңку резолюциялары Россия жана россиялык саясатка карата катаалдай туюлган. Мунун тегерегинде Владимир Корнилов саресеп салган.

Анда ал түгүл РФ Конституциясын өзгөртүү талабы да камтылган. Бирок ошол эле мекеменин трибунасынан Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен сүйлөдү. Россия тууралуу бир гана ирет үн катты, болгондо да кандай?! “Россия менен тыгыз мамиледегилердин баарын” коркутту.

Башкача айтканда, анын кайрылуусу Москвага эмес, Евробиримдиктин өзүнүн ичиндеги Брюсселдин тышкы саясаты дурус нук аларына үмүттөнгөн мамлекеттерге жана саясий топторго багытталгандай. Ага удаа эле Германиянын мурдагы коргоо министри европалык оппозицияга “Биз силерге баратабыз” дегендей сөөмөй кезеди.

Вашингтон Тегеранга эмнеге кайра санкция киргизди? АКШнын жеңилүү коркунучу

Ал гана эмес батыш басма сөзү ошол кеңири кебинен негизги билдирүү катары Россия туурасындагы кыска эле жерин: “Евробиримдиктин лидери Россия менен байланыштан сак болууну эскертет” деген темада биринчи бетке чыгарды. Баарына кулак кагыш кылгандай. Айрым европалык саясатчылар ынандыргандай, ички оппозицияга мамилени кескин катуулатуу “берлиндик бейтаптын” тегерегиндеги жаңжалга жооп эмес экендигинде шек жок. Бул болду-болбоду Берлиндеги россиялык элчиликтин алдында “Путин! Путин!” деп жапырт кыйкыргандарга “эскертүү” болду окшойт.
Бул “маселени” жакында эле Süddeutsche Zeitung басылмасы да көтөрдү. Сөзмө-сөз келтирсек: "Россиялык мамлекеттик маалымат каражаттарынын таасири Навальныйдын ууланышы көп талашты жараткан Германияда да жогору.

Мамлекеттик телеберүүнүн немис тилдүү бөлүмү RT Deutsch материалдары болуп көрбөгөндөй популярдуу. ЕСВС (Европалык тышкы байланыш кызматы — авт. тактоосу) маалыматы боюнча, ушул тапта Германияда социалдык медиада айтылышы боюнча экинчи орунду ээлейт", – деп жазылган.

Эмнеге немис гезиттеринин популярдуулугу төмөндөп баратканын Süddeutsche Zeitung басылмасынын авторлору изилдөөгө алы келбейт. Алардын пикиринде, Европада россиялык маалымат каражаттары европалык коомчулуктун катарында “шек жаратууну” көздөйт.

Газдын баасын бороон-чапкын жана бандалар аныктоодо. 2020-жылдын оош-кыйышы

Кызык, кандайча батыш журналисттери шек саноолордун болушун өтө жаман нерсе катары санашат? Кыязы, демократиялык Европа дайым тоталитаризм жана расмий пикирлештикти айыптап келишпеди беле.

Батыш журналисттери жана саясатчылар эми эмнеге алардын мекендештери “уулануу” боюнча кабарлардын чындыгын издөө аракетинде жергиликтүү гезит жана маалымат каналдарына туура альтернативаны издеп жатканына чындап таң калууда.

Бул Германияга гана тиешелүү эмес. Европанын кайсы өлкөсүн албаңыз, ушул жөнүндөгү талкууга күбө болосуң. Мисалы, чехиялык эксперт Ян Шир журналисттердин “даярдыксыздыгы” менен түшүндүрөт. Аларды тек гана “туура багыттоо” зарыл: Донбасстын көтөрүлүшчүлөрүн "сепаратист" эмес, "россиялык армия" деп атоого мажбурласак, дароо керектүү жыйынтыкты алабыз. Донбасста ушунча жылдан бери россиялык армияны эч ким таба электиги менен кимдин кандай иши болсун?! Ширдин оюнда, чехиялык телеберүүнүн эфирине “туура” эксперттерди гана чакыруу керек имиш.

Европада эпидемиологиялык абал эмнеге начарлап баратат. ДССУнун түшүндүрмөсү

Чындап эле Шир жана мындай эксперттер ой жүгүртө алган киши эртеби-кечпи сенсациялык “фактылардын” чын-бышыгын билүүгө аракет кыларын ойлобойбу? Гезиттерден алгылыктуу эч нерсе таппаса, альтернативдик булактарга сөзсүз кайрылат. Россиялык маалымат каражаттарынын окумдуулугу артканы ушул менен да түшүндүрүлөт. Анткени, булар кеминде эле тигил же бул көйгөйдү ар тараптан карап, өз бүтүмүн чыгарууга мүмкүндүк берет. Россия жана Европанын ичиндеги бөтөнчө ой жүгүртүү менен күрөшкөн батыш эксперттери дал ушундан кооптонот.

Ошондой күрөштүн жапжаңы мисалы — Италиянын аймактарында ушул аптада өткөн жергиликтүү шайлоо. Оппозициялык “Лиганын” жеңичинен чочулагандар дароо маалымат каражаттарына антироссиялык картаны көтөрүп чыкты. “Лигага” байланышы бар деген кайсы бир электр ишканасынын ээсинин орус аялы бар, ал ага Россияга акча которуп турган” дегенди далил катары келтиришкен. Аталган уюмга каршы уюштурулган бул жаңжалды акча Италияга эмес, Россияга “которулганы” деле жокко чыгарат. Бирок кандай болгон күндө оппозициянын Кремль менен байланышына окурмандарды ынандырууну максат кылышат. Акылга сыярлыкпы же болбогон жолбу, аларга баары бир. Ушунча жылдан бери “рублди да, матрешканы да” эч ким таба албаганы тууралуу “Лиганын” лидеринин билдирүүсү либералдык италиялык маалымат каражаттарын жана брюсселдик саясатчыларды таптакыр кызыктырбайт.

Ушундай саясий чайкоочулукту уюштуруу менен европалык либералдардын идеолог жана негизги күчтөрүнүн бири Ги Верхофстадт Европарламенттин залынан Сальвинини "Путинден акча алууга" ачык эле айыптаган.

Россиялык адис: Европа неоулутчулдуктан азырынча чочулабайт өңдөнөт

"Жеке мен бизге үйрөтүүгө тырышкан бул адамдар Европа биримдигин кыйратуу үчүн акча алышат деп ойлойм", — деп билдирген Бельгиянын мурдагы премьер-министри.

Европа “саткын” деп жарыялагандарды тегиз тазалоо менен коркутуу — бул согуштун жүрүшүндө туткун алууга ашыкпайт. Ал эми бул башталышы гана...

0
Белгилер:
Россия, согуш, Батыш, Европа
Тема боюнча
ДССУ Европада коронавирус боюнча кырдаал начарлай баштаганын жар салды