Жолдо каттуу ылдамда бараткан жигули. Архивдик сүрөт

Өзгөн: бүтүрүүчүлөр бараткан эки автоунаа кырсыктап, бир жигит каза болду

672
(жаңыланган 18:06 19.06.2020)
Кырсыктын кесепетинен эки автоунаада бараткан беш адам денесинен жаракат алып ооруканага түшсө, бир жигит окуя болгон жерде каза болду.

ОШ, 19-июн. – Sputnik. Өзгөн районунун Дөң-Булак айыл өкмөтүндөгү Мичурин айылында мектеп бүтүрүүчүлөрү бараткан ВАЗ-2106 жана Honda Fit автоунаалары кырсыкка учурап, 18 жаштагы жигит каза болду. Бул маалыматты Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын өкүлү Алтынбек Теңизбаев тастыктады.

Анын айтымында, окуя 2020-жылдын 18-июнь күнү саат 17:00 чамасында Өзгөн — Мырза-Аке жолунун жетинчи чакырымында болгон. Жаштар башкарып, бири-бири менен ээрчишип бара жаткан автолор бир учурда кырсыктаган.

“Өзгөн районунун 18 жаштагы тургуну ВАЗ-2106 автоунаасы менен күн чыгыш тарапты көздөй баратып, рулду башкара албай жолдун сол тарабына чыгып кеткен. Ал эми Өзгөн районунун 17 жаштагы тургуну айдап бара жаткан Honda Fit оң тарабына сүрүлгөн”, — деп айтылат билдирүүдө.

Кырсыктын кесепетинен ВАЗ-2106 унаасынын айдоочусу жана жүргүнчү катары бараткан 17 жаштагы эки жигит денелеринен жаракат алып, Өзгөн райондук ооруканасына кайрылган. Ал эми 18 жаштагы жигит алган жараатынан улам ооруканада каза болгон. Экинчи көлүктүн ичиндеги 17 жаштагы эки бала дагы ооруканага түшкөн.

Жол кырсыгы Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Өзгөн райондук милициясы тарабынан бардык тийиштүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Азыркы убакта тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алишер Бакышевдин айтымында, кырсыкка кабылган автоунаадагы жигиттердин үчөө Өзгөн районундагы Нурбаев атындагы орто мектебинин окуучулары болгон.

Алар 2019-жылы мектепти аяктаган балдар менен кошо эс алууга бара жатканда жол кырсыгына учураган.

672
Белгилер:
өлүм, кырсык, мектеп, бүтүрүүчү, Өзгөн
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (286)
Тема боюнча
Бишкекте жол кырсыгына кабылган автоунаанын талкаланып калган видеосу
Исхак Масалиев жол кырсыгына кабылганын айтып, сүрөтүн жүктөдү
Сокулуктагы жол кырсыктан аял көз жумду. Жабыркагандардын арасында ымыркай бар
Бишкекте жарандын ишенимине кирүү менен 100 миң долларын алып из жашырган киши кармалды.

Батирин сатымыш болуп аялдын 100 миң долларын алып койгон. Шектүү кармалды

186
(жаңыланган 17:13 04.12.2020)
Шектүүнүн башка дагы ушундай кылмыштарга тийиштиги бар-жогу текшерилип жатат. Бул адамдан жабыркагандар милицияга кайрылса болот.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Бишкекте жарандын ишенимине кирүү менен 100 миң долларын алып из жашырган киши кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 1-декабрында Октябрь райондук милициясына З.Е. аттуу аял арыз менен кайрылган. Ал март айында О.Т. аттуу жаран борбор калаадагы Каралаев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдөгү батирлердин бирин сатам деп, ошол эле жерден андан 100 миң 150 долларын алып калганын айткан. Кийин шектүү убадасын аткарбастан из жашырып кеткен.

Факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси ("Алдамчылык") боюнча каттоого алынган.

"Ыкчам издөө иш-аракеттеринин негизинде 33 жаштагы О.Т. аттуу шектүү кармалды. Ал Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү ижарага алынган батиринде жашап жүргөн. Шектүү Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", — деп айтылат маалыматта.

Учурда анын башка дагы ушундай кылмыштарга тийиштиги бар-жогу текшерилип жатат. Бул адамдан жабыркагандар болсо 0(772) 33-32-01, 0(707) 81-44-44 же 102 номерлерине кайрылууга болот.

186
Белгилер:
шектүү, батир, милиция, Бишкек
Тема боюнча
Бишкектин чок ортосунан 18 жаштагы куралчан жаран кармалды. Сүрөт
Жолдон чуркап өтүп бараткан кыз. Архивдик сүрөт

Өзгөндө окуучу кызды унаа учура сүзгөн окуя видеого түшүп калган

165
(жаңыланган 15:36 04.12.2020)
Окуя 2-декабрь күнү Бишкек — Ош жолунун 613-чакырымында, тагыраагы, Өзгөн шаарынын Мирзарахимов көчөсүндө болгон.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Өзгөн шаарында алты жашар кыз баланы унаа коюп кетти. Бул тууралуу Облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн өкүлү Алтынбек Теңизбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Ал эми окуянын видеосун "Короче" Telegram-каналы жарыялады.

Маалыматка караганда, окуя 2-декабрь күнү Бишкек — Ош жолунун 613-чакырымында, тагыраагы, Өзгөн шаарынын Мирзарахимов көчөсүндө саат 11:30дар чамасында болгон.

"Өзгөн районунун 32 жаштагы жашоочусу Daewoo Tiko үлгүсүндөгү унаасы менен алты жаштагы кызды жөө адамдар өтө турган чийинден коюп кеткен. Натыйжада ал жаракат алып, райондук ооруканага жаткырылган", — деди Теңизбаев.

Өзгөн РИИБнин тергөө кызматы тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

165
Белгилер:
жол кырсык, Өзгөн
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (286)
Тема боюнча
Тогуз-Торо: Кара-Көөдө автокырсыктан бир адам каза таап, төртөө жабыркады
Нарын облусу. Архивдик сүрөт

Өкмөт Нарынга 300 үй-бүлө үчүн эксперименталдык айыл курууга белсенүүдө

0
(жаңыланган 11:13 05.12.2020)
Ал жерге сейсмологиялык жана сел жүрүү кооптуулугунда турган Ак-Чий, Жаңы-Тилек айылдарынын жашоочуларын көчүрүп келүү пландалууда.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү Нарын облусуна "Ак-Тилек" деп аталган эксперименталдык конуш курууга белсенип жатат. Тийиштүү буйруктун долбоорун Архитектура, курулуш жана коммуналдык-турак жай агенттиги коомдук талкууга чыгарды.

Жаңы конуш Ак-Талаа районунда пайда болору айтылган. Ал жерге сейсмологиялык жана сел жүрүү кооптуулугунда турган Ак-Чий, Жаңы-Тилек айылдарынын жашоочуларын көчүрүп келүү пландалууда. 1990-жылдын аягынан 2010-жылга чейин бул аймактарда бир нече жолу жер силкинип, сел түшүп кыйроолорго алып келген. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ал жердин тургундарын көчүрүү зарыл деген корутунду чыгарган.

Ак-Тилек конушу 300 турак жайга (1500 адам) ылайыкташкан. Курулуш агенттиги жерлер 2019-жылдын ноябрында эле өкмөттүн токтому менен трансформация болгонун билдирди.

Конушту куруу жана пландаштыруу боюнча жаңы ыкмаларды колдонуу (конструкция, курулуш материалдары, инженердик камсыздоо системасы) чечими кабыл алынгандыктан эксперименталдуу калктуу конуш деген макам берилет.

Ошондой эле планын иштеп чыгууда шаар куруу боюнча дүйнөлүк тажрыйба жана экологияга аяр мамиле жасоо принциби колдонулганы белгиленет. Үйлөрдүн ичи жылуу жана жер титирөөгө туруштук берүү деңгээли жогору болоруна ишендирет.

Долбоордун суммасы жазылган эмес, бирок өкмөт ага бюджеттик каражат коротулбай турганын айтты. БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын долбоору аркылуу каражат жана инвестиция тартылары күтүлүүдө. Бул боюнча алдын ала макулдашуу түзүлгөн.

Техникалык документациясы менен өкмөттүн сайтынан кененирээк таанышууга болот.

0
Белгилер:
айыл, тургун, курулуш, Нарын, жаңы конуштар
Тема боюнча
Өрттөнгөн прокуратуранын ордуна эмнеге шаардык кеңештин имараты курулат. Жооп
Өзгөн менен Араванда эки төрөт үйү пайдаланууга берилди