Бишкекте кырсыкка кабылган бус капталына оодарылып калды. Видео

© Фото / очевидца Богдана КолесниковаДТП на пересечении улиц Орозбекова и Ленинградской в Бишкеке
ДТП на пересечении улиц Орозбекова и Ленинградской в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кадрларда Toyota Highlander менен Mercedes-Benz Sprinter автоунааларынын кагышканын көрүүгө болот.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. "Короче" Telegram-каналы Орозбеков менен Ленинград көчөлөрүнүн кесилишкен жеринде болгон кырсыктын видеосун жарыялады.

Анда Toyota Highlander менен Mercedes-Benz Sprinter автоунааларынын кагышканын көрүүгө болот. Бус капталына оодарылып калган. Окуяга күбө болгондор кагышуудан жабыркагандар бар экенин айтышууда.

Милиция кырсык болгонун тастыктап, билдирүү саат 10.40та түшкөнүн белгиледи. Капталына оодарылып калган бул жүргүнчү ташыган №121 маршрутка экенин, окуядан бир аял жабыркаганын айтышты.

Тез жардам кызматы кырсык тууралуу саат 10.26да маалымат түшүп, бир аялдын жаракат алганы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0