Кара-Сууда унаа коюп кетип, алты жаштагы бала каза болду

© Sputnik / Табылды КадырбековТез жардам жана милиция кызматы. Архив
Тез жардам жана милиция кызматы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык 18-июнь күнү саат 19:00дөр чамасында Кара-Суу — Өзгөн жолунун 12-чакырымында, тактап айтканда, Сары-Колот айылында болгон.

ОШ, 22-июн. – Sputnik. Кара-Суу районунун Сары-Колот айылында 18 жаштагы айдоочу Honda Fit унаасы менен жол четинде ойноп жаткан алты жаштагы баланы койдуруп, бөбөк чарчап калды. Маалыматты Ош облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн өкүлү Алтынбек Теңизбаев тастыктады.

Анын айтымында, окуя 18-июнь күнү саат 19:00дөр чамасында Кара-Суу — Өзгөн жолунун 12-чакырымында, тактап айтканда, Сары-Колот айылында болгон.

Аталган айылдын 18 жаштагы М.Э. аттуу жашоочусу өзүнүн Honda Fit үлгүсүндөгү унаасын айдап бара жаткан.

"Айдоочу жолдун оң тарабында ойноп жаткан алты жаштагы баланы койдуруп кеткен. Кырсыктын кесепетинен жабырлануучу ооруканага жетпей үзүлдү", — деп айтылат билдирүүдө.

Мопеддин дөнгөлөгү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Токмокто жеңил унаа менен мопед сүзүшүп, 19 жаштагы жигит каза тапты
Кырсык боюнча Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Теңизбаев айдоочу жол кырсыгы катталган соң эч жакка качпаганын жана ал бүтүрүүчү да эместигин кошумчалады.

Учурда окуянын күбөлөрү сурак берүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0