Бишкекте киши өлтүрүүгө шектелип үч адам кармалды. Экөө 17 жашта. Сүрөт

Жазылуу
Адам өлтүрдү деп шектелип жаткандардын ичинен экөө жашы жете элек эркек балдар, үчүнчүсү 20 жашта. Тергөө иштери башталды.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Борбор калаада адам өлтүрүүгө шектелип жашы 20га чыгып-чыга элек балдар кармалды. Бул тууралуу Кайгуул милициясынан кабарлашты.

© Фото / пресс-служба Управлении патрульной службы милицииПодозреваемые в убийстве мужчины в Бишкеке
Бишкекте киши өлтүрүүгө шектелип үч адам кармалды. Экөө 17 жашта. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Подозреваемые в убийстве мужчины в Бишкеке

Өткөн түнү Кайгуул милициясынын кызматкерлери "Ош" базарынын аймагынан, тагыраагы, Павлов-Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде, жол жээгинен 30-35 жаштагы кишинин өлүгүн тапкан.

"Көп өтпөй Кулиев-Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинен 20 жаштагы А. К. менен 17 жаштагы С. Ж. жана Ч. И. аттуу балдар кармалган. Алар Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген", — деп айтылат маалыматта.

Факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш кодексинин 130-беренесинин ("Адам өлтүрүү") негизинде сотко чейинки иштер башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0