Үстүнө чыгып кетиптир. Бишкекте үч унаа кагышкандан кийинки видео

© Sputnik / Табылды КадырбековЖол кырсыгы болгон жерде жол белгиси. Архив
Жол кырсыгы болгон жерде жол белгиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгынын кесепетинен кош бойлуу келин жабыркап, ооруканага жеткирилди. Үч унаа тең айып короого киргизилип, окуя териштирилип жатат.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Бишкектеги Токтогул жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде үч унаа кагышты. Жол кырсыгынын видеосу "Короче" деп аталган Telegram-каналга жарыяланды.

Lexus LX 570. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ылдамдыгы жүрөк түшүрөт! Жалал-Абадда кафени күү менен келип сүзгөн жолтандабастын видеосу
Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы окуя бүгүн, 23-июнда, саат 18:10до болгонун билдирди. Ага ылайык, BMW X3, Nissan жана Kia K5 үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн.

Жол кырсыгынын кесепетинен BMW автосундагы кош бойлуу келин жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Үч унаа тең айып короого киргизилип, окуя териштирилип жатканы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0