Бакты сүзгөн. Караколдо жол кырсыгынан бир киши каза болуп, экинчиси оор абалда

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүОорукананын реанимация бөлүмүндө дарыгер. Архив
Оорукананын реанимация бөлүмүндө дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМ кызматкерлери каза болгон адамды автоунаадан чыгарып ИИМ өкүлдөрүнө, ал эми жабыркаганды Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жол кырсыгы катталып, бир киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Үстүнө чыгып кетиптир. Бишкекте үч унаа кагышкандан кийинки видео

Билдирмеге караганда, кырсык 26-июнь күнү саат 3:03төр чамасында болгон. Анда Audi-A6 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып кетип, бакты сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен айдоочу каза болуп, 18 жаштагы жигит оор жаракат алган.

Ылдамдыгы жүрөк түшүрөт! Жалал-Абадда кафени күү менен келип сүзгөн жолтандабастын видеосу

ӨКМ кызматкерлери каза болгон адамды унаадан чыгарып ИИМ өкүлдөрүнө, ал эми жабыркаганды Тез жардам кызматына өткөрүп беришкени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0