Оштун "Алай" футбол командасынын оюнчусунан коронавирус чыкты

© Sputnik / Зульфия ТургуноваКвалификационного раунда Кубка АФК. Алай — Ахал
Квалификационного раунда Кубка АФК. Алай — Ахал - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматка ылайык, команданын дарыгери айрым оюнчулардын дене табы көтөрүлүп жатканын байкап, текшерүүдөн өткөргөн.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Ош шаарынын "Алай" футбол командасынын оюнчусунан коронавирус аныкталды. Маалыматты аталган тайпанын маалымат кызматы тастыктады.

Ага ылайык, команданын дарыгери Абдулло Хашимов айрым оюнчулардын дене табы көтөрүлүп жатканын байкаган.

Спортчуларды саргайтып... Токиодо өтчү Олимпиада дагы жылышы мүмкүн

"Ошол себептен клубдун толук курамын медициналык көзөмөлдөн өткөргөн. Жыйынтыгында бир спортчудан коронавирус чыкты. Аны менен тыгыз байланышта болгон 20 оюнчу 14 күнгө Сүйүнбаев стадионунун жатаканасына обсервацияга алынды", — деп айтылат маалыматта.

UEFA Кыргыз футболдук союзуна минивэн, компьютер берип колдоо көрсөттү

"Алай" — Ош шаарынын кадыр-барктуу футболдук клубдарынын бири. Ал 1960-жылы негизделген.

Жаңылыктар түрмөгү
0