Салон автомобиля. Архивное фото

Караколдо бакты сүзүп каза болгон жигит автоунааны айдай качкан. Сүрөт

287
(жаңыланган 12:31 26.06.2020)
Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында уурдалган автоунаанын ээси табылган. Ал Жети-Өгүз районунун Аӊ-Өстөн айылынын 31 жаштагы тургуну болуп чыкты.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жол кырсыгынан каза болгон киши автоунааны айдай качканы аныкталды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, 26-июнь күнү саат 3:03төр чамасында Audi-A6 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу Каракол-Пристань шаарчасын көздөй бара жатып, рулду башкара албай жолдон чыгып, бакты сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен айдоочу каза болуп, 18 жаштагы жигит оор жаракат алган

Последствия ДТП на автомобиле марки Ауди А6 который не справился с управлением и врезался в дерево
© Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской области
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында катталган жол кырсык

Ага ылайык, окуя болгон жерге милициянын ыкчам тергөө тобу барып кырсыктын чоо-жайын териштирген.

"26-июнда болжол менен саат 02:30 чамаларында Каракол шаарынын 22 жаштагы тургуну 18 жаштагы таанышы менен шаардагы №23 ЖАМК имаратынын алдында токтоп турган Audi-A6 үлгүсүндөгү автоунааны айдап качып кетишкен. Бирок айдоочу рулду башкара албай, жолдон чыгып кетип, кырсыктап каза болгон. Жанындагы шериги ооруканада",— деп айтылат маалыматта.
Последствия ДТП на автомобиле марки Ауди А6 который не справился с управлением и врезался в дерево близ села Пристань-Пржевальск.
© Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской области
Audi-A6 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу бакты сүзгөн

Аталган факт Каракол ШИИБинин Кылмыш жана жоруктар боюнча бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталып, тийиштүү экспертизалар дайындалганы айтылды.

Бишкекте кырсыкка кабылган бус капталына оодарылып калды. Видео

Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында уурдалган автоунаанын ээси табылган. Ал Жети-Өгүз районунун Аӊ-Өстөн айылынын 31 жаштагы тургуну болуп чыгып, андан арыз алынган. Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө амалдары жүрүп жатканы кошумчаланды.

287
Белгилер:
качуу, автоунаа, жол кырсык, Каракол, Ысык-Көл
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (281)
Тема боюнча
Бишкектин чет жакасында жеңил автоунаа каналга түшүп кетти. Видео
Париждеги глобалдык коопсуздук жөнүндөгү мыйзам долбоорго каршы митинг

Унаалар өрттөлүп, ок атылды. Франциядагы башаламандыктын видеосу

37
(жаңыланган 00:15 29.11.2020)
Каршылык акциясынын катышуучулары полиция кызматкерлерин көздөй петарда жана бөтөлкө ыргытып жаткан видео тарады. Мындай көрүнүш акция башталгандан 1,5 саат өткөндөн кийин болгон.

БИШКЕК, 28-ноя. – Sputnik. Париждеги (Франция) тынчтык митингинде башаламандык жаралып, демонстранттар менен полиция кагыша кетти. Бул тууралуу Russia Today агенттигинин Telegram-каналына жарыяланды.

Жарандар глобалдык коопсуздук жөнүндөгү мыйзам долбоорго каршы митингге чыгышкан. Андагы пунктулардын бирине ылайык, физикалык жана психикалык жактан зыян келтирүү максатында полиция адамынын сүрөтүн же идентификациялоонун кайсы бир элементин жайылткандарга бир жыл абакта отуруу жана 45 миң евро айып пул салынат.

Акцияга жарандардан сырткары ЖМК өкүлдөрү, адвокаттар жана бир нече парламентарийлер катышкан.

Кийинчерээк каршылык акциясынын катышуучулары полиция кызматкерлерин көздөй петарда жана бөтөлкө ыргытып жаткан видео тарады. Мындай көрүнүш акция башталгандан 1,5 саат өткөндөн кийин болгон.

Андан соң митингчилер менен укук коргоочулар кагыша кеткен.

Башаламандык учурунда бир нече унаа жана мотоцикл өрттөлгөн.

Көчөлөрдөн кулак тундуруучу гранаталардын үнү угулуп турган.

Маалыматка караганда, демонстранттардын айрымдары дүкөндөрдүн витриналарын жана унааларды талкалашкан.

37
Белгилер:
Митинг, башаламандык, Франция
Тема боюнча
Нарышкин: Россиянын Тышкы чалгын кызматы үчүн ЦРУ башкы атаандаш
Алтын куймалары. Архив

Мурдагы чекист кармалды. УКМК алтын аткезчилиги боюнча иштин чоо-жайын атты

164
(жаңыланган 19:36 28.11.2020)
Дүйшөнбек Чоткараев 2016-2018-жылдары УКМКга Абдил Сегизбаев төрага болуп турган кезде анын орун басары болуп Коррупцияга каршы кызматты жетектеген.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Алтын аткезчилиги боюнча УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Дүйшөнбек Чоткараев кармалып, күбө катары сурак берди. Бул тууралуу аталган комитеттен билдиришти.

Ошондой эле ведомство президенттикке талапкер Абдил Сегизбаевдин бул иш боюнча пикирине өз позициясын билдирди. Буга чейин Сегизбаев анын штабын координациялап жаткан Чоткараевди кармоо менен өзүнө саясий басым жасалып жатканын айткан.

Эске салсак, Дүйшөнбек Чоткараев 2016-2018-жылдары Абдил Сегизбаев УКМКнын төрагасы кезинде анын орун басары болуп Коррупцияга каршы кызматты жетектеген.

"Өткөн жылдын март айында Аскер прокуратурасы УКМКнын айрым кызматкерлеринин катыштыгы бар делген алтын аткезчилиги боюнча ишти тергей баштаган. 2017-жылы УКМК кызматкерлери мыйзамсыз түрдө өлкөгө алып кирилген 22 килограмм зер буюмдарды таап алган. Анда УКМКнын жетекчилиги ишти токтотуп, буюмдарды кайтарып берүү чечимин кабыл алган", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, кийин бардык далилдер табылып, аткезчилик кылган тараптар жоопко тартылган.

"Алар күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке келтирилген 6 миллион сом чыгымдын ордун толтуруп беришкен", — деп айтышты УКМКдан.

Тергөө тобу азыр ишке тиешеси барларды аныктап жатат. Бул иштин алкагында УКМКнын дагы бир мурдагы кызматкери кармалган. Маалымат кызматтан аткезчилик менен келген жүктү кармоодо куратор болгон деп айтылган Чоткараев күбө катары суракка алынды.

Маалыматка караганда, тергөөнүн жыйынтыгы менен УКМКнын мурдагы жетекчилигинин аракеттерине укуктук баа берилет.

164
Белгилер:
Дүйшөнбек Чоткараев, кылмыш, УКМК
Тема боюнча
Чай ичкиле дешкен. УКМК Матраимовдун өкүл баласынын айыптоосуна үн катты
Уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсүн кармаган видео жарыяланды