Ооруканага, мектепке барууга тыюу салган. Жалал-Абадда экстремизм фактылары катталды

Жазылуу
Жалал-Абад облустук милициясында ар кандай диний экстремисттик агымдын мүчөсү катары 500дөн ашуун жаран каттоодо турат.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Жалал-Абад шаарында балдарын мектепке жөнөтпөй, динден башка билим алганга тыюу салып, ооруканага барганга, медициналык эмдөө алганга каршы болгон факты аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБ маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, облус аймагында экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан "Нелегал" операциясы өткөрүлүп, жыйынтыгында элди экстремизмге үгүттөгөн бир катар фактылар аныкталган.

"Жалал-Абад шаарынын аймагында мектепке балдарын жөнөтпөй, динден башка билим албоого, ооруканага барбай, эмдөөлөрдү албоого үндөгөн факты катталган. Ал Жалал-Абад ШИИБдин Кылмыш жана жоруктар боюнча бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 314-беренеси ("Экстремисттик уюмду түзүү") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Анын жыйынтыгы менен алынган буюмдарга диний-теологиялык экспертиза дайындалып, жыйынтыгында алар өлкө аймагында тыюу салынган "Йакын-Инкар" агымына таандык экендиги тастыкталды", — деп жазылат маалыматта.

Мындан сырткары, сот тарабынан берилген уруксаттын негизинде Базар-Коргон районунда жашаган тургундун үйүнө да тинтүү жүргүзүлгөн. Текшерүү учурунда алынган далил буюмдарга диний-теологиялык экспертиза дайындалып, жыйынтыгында алар Кыргызстандын аймагында тыюу салынган "Хизбут-Тахрир" экстремисттик агымына таандык экендиги аныкталган.

Кыргызстанда даават үчүн кимдер айыпка тартылышы мүмкүн? ИИМдин жообу

"Жалал-Абад ОИИБде ар кандай диний экстремисттик агымдын мүчөсү катары 500дөн ашуун жаран каттоодо турса, алардын 50дөн ашууну "Йакын-Инкар" агымына таандык адамдар", —деп айтылат маалыматта.

УКК төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков - Sputnik Кыргызстан
Радио
Медетбеков: коронавирустан кем эмес терроризм коркунучу эске алынбай калууда
Жыл башынан бери экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы иштөө кызматынын профилактикалык иштеринин жыйынтыгында 30дай жаран экстремисттик агымдардын мүчөлүгүнөн чыгарылганы белгилүү болду.

Буга чейин 2017-жылдын 15-июнунда Бишкек шаарындагы Октябрь райондук сотунун чечими менен "Йакын – Инкар" агымы экстремисттик деп таанылып, өлкө аймагында ишмердүүлүгүнө, үгүттүк-пропагандалык материалдарын басууга, сактоого, ташууга жана таратууга тыюу салынганы маалым.

Жаңылыктар түрмөгү
0