Коронавирус жуктуруп алган дагы үч бейтап көз жумду

© REUTERS / Flavio Lo Scalzo / File PhotoСитуация в Италии из-за коронавируса
Ситуация в Италии из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөдө коронавирус илештирип алып көз жумгандардын саны 46га жетти. Кечээ каза болгондор Ош жана Жалал-Абад облустарынан.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус жуктуруп алган дагы үч бейтап каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.

Кыргызстанда дагы 309 кишиден коронавирус чыкты

Анын айтымында, өлкөдө коронавирус илештирип алып көз жумгандардын саны 46га жетти.

"Каза болгон жарандын бири Ош облустук ооруканасынан үзүлдү. Ал 51 жашта экени маалым болду. Экинчиси 76 жаштагы киши Жалал-Абад облусундагы ооруканада көз жумган, дагы бири Аксы райондук ооруканада дарыланып жаткан. Ал 74 жашта болчу", — деди Каратаев.

Кыргызстанда акыркы суткада 309 кишиден коронавирус чыгып, жалпы саны 4 513кө жетти. Анын ичинен 2 212 бейтап айыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0