Катуу сүзүптүр! Ырчы Асел Кадырбекова кабылган кырсыктын видеосу чыкты

CC0 / Pixabay / Ich bin dann mal raus hier.Дорожно-транспортное происшествие
Дорожно-транспортное происшествие - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ырчы кечээ Бишкекте Ыкчам аракетке келчү топтун (ГБР) унаасы менен кагышкан. Учурда эсине келе албай ооруканада жатат. Дарыгерлер ал комадан чыккандан кийин операция жасаларын айтышты.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Белгилүү ырчы Асел Кадырбекова жол кырсыгына кабылган учурдун видеосу "Короче" деп аталган Telegram-каналга жарыяланды.

Эске сала кетсек, ырчы кечээ, 26-июнда, 15:30дар чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде Toyota Camry унаасы менен баратканда Ыкчам аракетке келчү топтун (ГБР) Honda Odyssey унаасы менен кагышкан.

Кадырбекова оор абалда Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жеткирилген. Ортопед Сабырбек Жумабеков ал комада жатканын айтып, мээси катуу жабыркап, моюн омурткалары менен акыреги сынып кеткенин билдирди. Эсине келгенде операция жасалары айтылды.

Бишкекте Toyota менен күзөт кызматынын автоунаасы кагышты. Видео

29 жаштагы Асел Кадырбекова кыргыз эстрадасындагы белгилүү ырчылардын бири. Ошондой эле дагы бир белгилүү ырчы Нурлан Насиптин жубайы. Экөөнүн ортосунда бир кызы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0