Ноокаттагы көмүр шахтасында бир киши газга ууланып каза тапты

Жазылуу
Көмүр газына ууланган эркек кишинин сөөгүн куткаруучулар шахтадан алып чыгып, укук коргоо органдарына өткөрүп беришкен.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Ноокат районунун Жин-Жиген айылындагы "Жин-Жиген" шахтасында эркек киши газга ууланып көз жумду. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, окуя кечээ, 29-июнда, саат 20:35те болгон.

Жерине министрликтин №4 мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун кызматкерлери тартылган. Алар маркумдун сөөгүн шахтадан чыгарып, укук коргоо органдарына өткөрүп беришкен.

Бир үй-бүлөдөн эле... Сүлүктү шахтасындагы төрт кишинин өлүмүнүн чоо-жайы

Жаңылыктар түрмөгү
0